KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Эльмира Байтикова жаш адистер үчүн казакстандык билим берүү курсуна катышты

30 апреля 2026

Борбордук Азия диалог аянтчасынын алкагында «Young Professionals in Justice» аттуу үч күндүк интенсивдүү билим берүү курсу өз ишин жыйынтыктады. Бул иш-чара Казакстандын бардык аймактарынан келген 25 жаштан 32 жашка чейинки курактагы судьялардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, адвокаттардын жана юристтердин башын бириктирди.


Программа юристтердин жаңы муунун кесиптик жактан өнүктүрүүгө жана тажрыйбалуу эксперттер менен ишин жаңыдан баштаган адистердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган. Иш-чарага Казакстандын мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү, Борбордук Азия жана алыскы чет өлкөлөрдүн эл аралык эксперттери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Эльмира Байтикова «Нетворкинг жана карьералык келечек» аттуу интерактивдүү сессияда баяндама жасады. Аталган сессиянын алкагында тажрыйбалуу судьялар менен прокурорлор практикалык кейстер менен бөлүшүп, кесиптик этика маселелерин талкуулашты жана карьералык өсүү боюнча сунуштарын беришти.


Видео-блок

Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту
В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...