Өлкөбүздө коронавирустук илдетинин жайылып жатканына байланыштуу оор эпидемиялогиялык кырдаал пайда болду. Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жана кээ бир аймактарда өзгөчө абал киргизилген күндөн тартып калкыбыз кыйынчылык тартып келгени белгилүү. Көпчүлүк жарандар күнүмдүк маянасынан кур калып, социалдык жардамга муктаж болуп келет.
Ысык-Көл райондук сотунун судьялары четте карап турбастан, Чолпон-Ата шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам көрсөтүштү. Чогултулган каражатка азык-түлүк баштыктары даярдалып, тиешелүү даректерге жеткирилди.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы
Гульзада Аширбаева