Бүгүн, 2025-жылдын 15-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сот процесстеринин катышуучуларынын арасында өткөрүлгөн онлайн-сурамжылоонун жыйынтыктарынын презентациясы болду.
Иш-чарага Жогорку соттун судьясы, сот системасын санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси Инара Гилязетдинова, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.
Катышуучулардын айтымында, сурамжылоо 2025-жылдын февраль айынан август айына чейин өткөрүлгөн. Ага 221 респондент — иш боюнча тараптар, адвокаттар, күбөлөр жана башка сотко келген жарандар катышкан.
Алынган жыйынтыктар жарандардын соттордун ишмердүүлүгүн кабыл алуусун объективдүү баалоого жана өркүндөтүүнү талап кылган негизги багыттарды аныктоого мүмкүндүк берет.
Белгиленгендей, жакынкы убакта онлайн-сурамжылоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларына, ошондой эле видеоконференц байланыш аркылуу жергиликтүү соттордун судьяларына сунушталып, анын жыйынтыктарын кеңири талкуулоого жана сот системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча практикалык чараларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.