Бишкек, 16.09.25 /Кабар/. Соттордун ачык-айкындуулугун камсыздап, жарандарга жакын кылуу жана адилеттикти орнотууга багытталган сурамжылоого 6 айда 221 адам катышкан. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын февралынан июль айына чейинки убакытта сурамжылоого катышкандардын 44 пайызы соттошкон тараптар, 21 пайызы сотко күбө катары же башка себептер менен келген жарандар болсо, 19 пайыз адвокаттар жана өкүл катары келгендер.
“Гендердик маселе боюнча 62 пайыз эркектер, 38 пайыз аялдар сурамжылоого катышкан. Сурамжылоонун негизинде жыйынтыктоо иштери жүрүүдө. Алдыда ар бир сурамжылоону талкуулап, Жогорку соттун төрагасынын катышуусунда кеңейтилген жыйын өтөт. Иликтеп көрсөк негизинен көп пайызы QR-код, андан кийин сайт, социалдык тармактар аркылуу жарандар кирип, сурамжылоого катышып жатышат. Сот системасында ички баалоо системасы бар, бул тышкы баалоо түзүмү болот. Ар бир сурамжылоодо анализ жүргүзүлөт. Жыйынтыгында тиешелүү соттор боюнча чаралар көрүлүп, иштер аткарылат”,- деди Сыдыгалиев.
Сурамжылоонун негизги багыты биринчиден — тышкы баалоо жүргүзүү жана соттордун иши боюнча маалымат алуу, жарандарга сот адилеттүүлүгүн жеткирүү жана анын сапатын жогорулатуу болуп саналаарын Ош шаардык сотунун судьясы өз сөзүндө белгиледи.
“Соттордун иштөөсү боюнча сурамжылоо анкетасы киргизилген. Сурамжылоо жургүзүүчү QR-код республикадагы ар бир сот имаратынын көрүнүктүү жеринде орнотулган. Телефон аркылуу сотко келген ар бир адам сурамжылоодон анонимдүү түрдө өтө алат”,- дейт ал.
Ошондой эле сурамжылоо жүргүзүлүүчү QR-код соттордун имаратынан тышкары, Санарип сот адилеттүүлүгү порталында, Жогорку соттун сайтында, социалдык тармактарында жайгаштырылгандыгы кошумчаланды.
https://kabar.kg/news/sottordun-achyk-ajkynduulugun-kamsyzdoo-alty-ajda-suramzhyloogo-221-adam-katyshkan/