KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Электрондук көзөмөл эмне үчүн зарыл?

05 августа 2026






Үй-бүлөлүк зомбулук өлкөбүздүн өтө курч социалдык көйгөйлөрүнүн бири. Айталы, коргоо ордери бар, тыюу салуу бар, ал эми коопсуздук сезими жок. Турмуш көрсөткөндөй коргоо ордерлеринин жана административдик жоопкерчиликтин бар экенине карабастан, көптөгөн аялдар укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин дагы зомбулук көрсөткөндөр тарабынан куугунтукка кабылышкан.













Буга жооп катары мамлекет электрондук байкоо жүргүзүү тутумун — укук бузуучунун жүргөн жерин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана соттук чектөөлөрдүн бузулушуна ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берген технологияны киргизе баштады.


Соттолгондорду көзөмөлдөөдөн жабыр тарткандарды коргоого


Бүгүнкү күндө электрондук билериктерди көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш менен байланыштырышат. Бирок башында бул технология башка милдеттер үчүн түзүлгөн. Юстиция министерлигине караштуу Пробация департаменти өз ишин 2019-жылы баштаган. Анын негизги милдети — сот тарабынан коомдон бөлүп кароосуз жаза дайындалган жарандарды көзөмөлдөө, ошондой эле аларды социалдык адаптациялоо. Электрондук байкоо жүргүзүү технологиясы дал ушул жерде биринчи жолу колдонула баштаган.


2024-жылдын май айында Пробация департаменти биринчи жолу электрондук билериктерди колдонгон. Ошол учурда бул технологиялык жаңылык катары кабыл алынган (GPS-мониторинг, шектүүлөрдү көзөмөлдөө, чектөө чаралары).


Алгач электрондук билериктер кайрадан кылмыш жасоо коркунучу жогору болгон адамдарга, ошондой эле пробациялык көзөмөлдө турган жарандарга карата колдонулган. Бул алардын жүргөн жерин аныктоого, аппаратты чечүүгө болгон аракеттерди каттоого, автоматтык түрдө тревога сигналдарын алууга жана белгиленген чектөөлөрдүн бузулушуна ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берген. Ошентип, салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде технология өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди.


Юстиция министерлигинин маалыматы боюнча, электрондук көзөмөл эки миңден ашык адамга карата колдонулган, ал эми 2025-жылдын күзүнө карата өлкөнүн ар кайсы региондорунда бир эле учурда 855 жаран электрондук байкоодо турган. Дал ушул тажрыйба кийинки этапка — электрондук көзөмөлдү үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарды коргоо үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк болуп берди.


«Алгач электрондук байкоо жүргүзүү пробация тутумунда практикалык текшерүүдөн өттү. Техникалык чечимдер, чара көрүү алгоритмдери жана ар кандай мамлекеттик органдардын өз ара аракети иштелип чыкты. Бул тажрыйба Жазык-процессуалдык кодексинде каралган классикалык чараларга кошумча катары, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоо үчүн колдонууга жол ачты», — деп белгилейт КР ЮМ караштуу Пробация департаментинин директору Руслан Романов.


Эмне үчүн электрондук билериктер керек болду?


Статистика Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү абдан олуттуу бойдон калып жатканын көрсөтүп турат.


ИИМдин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 13 625 билдирүүнү катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көптүк кылат.


Ушул эле убакыттын ичинде 11 миңден ашык убактылуу коргоо ордери берилген. Бирок коргоо ордери өзүнөн өзү адамды физикалык жактан токтото албайт. Эгерде зомбулук көрсөткөн адам жабыр тарткан аялдын үйүнө келсе, артынан түшсө же байланышууга аракет кылса, милиция көбүнчө окуя болуп өткөндөн кийин гана чара көргөн. Жаңы тутум дал ушул мүчүлүштүктү жоюуга багытталган.


2025-жылдын октябрь айында мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, соттор үч айга чейинки мөөнөткө чектөө чаралары менен бирге электрондук байкоо жүргүзүүнү дайындоо укугуна ээ болушту. Эми үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамга белгилүү бир даректерге жакындоого, жабыр тарткан адам менен байланышууга, анын жашаган, иштеген же окуган жерлеринде пайда болууга тыюу салынышы мүмкүн.


Ошол эле учурда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Илияс Керимкулов белгилегендей, электрондук байкоо жүргүзүү өз алдынча жаза чарасы болуп саналбайт.


«Электрондук байкоо жүргүзүү — бул биринчи кезекте кайрадан зомбулук көрсөтүүнүн алдын алууга жана сот чечиминин аткарылышын камсыз кылууга багытталган кошумча укуктук чара», — дейт судья.


Сот тарабынан белгиленген бардык чектөөлөр автоматтык түрдө көзөмөлдөнөт. Эгерде адам тыюу салынган аймакка кирсе же билериктерин чечүүгө, аппаратты өчүрүүгө, көзөмөл тутумун айланып өтүүгө аракет кылса, Юстиция министрлигинин Мониторинг борбору заматта сигнал алат жана маалыматты ички иштер органдарына берет. Ошону менен иш жүзүндө мамлекеттик коргоонун логикасы дагы өзгөрүүдө. Мурда милиция мыйзам бузулгандан кийин чара көрсө, эми анын алдын ала алдын алуу мүмкүнчүлүгү пайда болууда.


Тутум кантип иштейт?


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электрондук байкоо жүргүзүү дароо эки куралды камтыйт: биринчиси — адамдын жүргөн жери тууралуу маалыматты дайыма өткөрүп туруучу электрондук билерик, экинчиси — телефондун геолокациясын жана колдонуучунун биометрикалык идентификациясын колдонгон мобилдик тиркеме.


Соттун же ички иштер органдарынын чечиминин негизинде көзөмөлдөөнүн ушул ыкмаларынын бири колдонулушу мүмкүн. Күнү-түнү байкоо жүргүзүүнү Юстиция министерлигинин Мониторинг борбору жүзөгө ашырат.


2026-жылдын башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн 179 адам электрондук эсепке алынган. Алардын ичинен 172си соттордун чечими боюнча, ал эми 7си ички иштер органдары тарабынан берилген убактылуу коргоо ордерлеринин алкагында көзөмөлдө болгон. Бул мезгилде электрондук билериктер 50 адамга карата колдонулса, ал эми 129 адам мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдөнгөн.


Юстиция министрлигинин Мониторинг башкармалыгынын начальниги Белек Сыдыков белгилегендей, технологиянын натыйжалуулугу жабдуулардан гана көз каранды эмес.


« Электрондук байкоо жүргүзүү — бул тутумдун бир бөлүгү гана. Башкысы — Мониторинг борборунун, милициянын, соттордун жана прокуратуранын өз ара ыкчам аракети. Туруктуу маалымат алмашууда гана санариптик көзөмөл адамды коргоонун реалдуу куралына айланат», — деп баса белгилейт ал.


Электрондук көзөмөл — чечимдин бир бөлүгү


Ошол эле учурда мамлекет көзөмөлгө гана эмес, укук бузуучулардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө да басым жасоодо. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамдар үчүн коррекциялык программадан өтүү милдеттүү болуп калды. Пробация департаментинде өздүк методикалык материалдар иштелип чыгып, укук бузуучулар менен сабактарды өткөрө турган адистер даярдалды.


Бүгүнкү күндө 117 пробация кызматкери окуудан өттү, ал эми аймактык түзүмдөрдө зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча атайын программалар ишке ашырылууда.


Ведомствонун маалыматы боюнча, учурда 33 адам коррекциялык программалардан өтүп жатат, ал эми дагы 20 адам толук курсту аяктады. Мындай мамиле таасир этүүнүн дароо эки механизмин айкалыштырат: электрондук көзөмөл кайрадан зомбулук көрсөтүү коркунучун азайтса, психологиялык иш агрессивдүү жүрүм-турумдун себептерин жоюуга багытталган.


Алгачкы тажрыйба жана кийинки кадамдар


Бүгүнкү күндө электрондук байкоо жүргүзүү тутумун андан ары өнүктүрүү уланууда. Юстиция министрлиги менен ИИМ маалымат алмашуу тартибин, тревога сигналдарына чара көрүү алгоритмдерин жана мамлекеттик органдардын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү белгилеп, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн убактылуу регламентин бекитишти.


Кийинки этап — ИИМдин аймактык түзүмдөрүн электрондук байкоо тутумун жумушчу орундары менен камсыздоо жана долбоорду андан ары кеңейтүү болмокчу.


Албетте, электрондук билерик өзүнөн өзү үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн чече албайт. Ал адамдын жүрүм-турумун өзгөртпөйт жана агрессиянын себептерин жойбойт. Бирок ал мамлекеттин чара көрүү убактысын кыйла кыскартат, соттук чектөөлөрдүн аткарылышын формалдуу эмес, реалдуу кылат жана кайрадан зомбулук көрсөтүүнүн алдын алууга мүмкүндүк берет. Жаңы тутумдун бүгүнкү күндөгү башкы мааниси дал ушунда.


 


Рахат Бейсебаев, “Кыргыз Туусу”


https://ktmedia.kg/archives/37950








Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...