KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунун жамааты Шекербек Мамажусуповду ардактуу эс алууга узатты

01 августа 2025

2025-жылдын 31-июлунда Баткен облустук сотунда соттун бөлүм башчысы Шекербек Мамажусуповду ардактуу эс алууга узатуу аземи болуп өттү. Ал облусттук соттун аппаратында 25 жылдан ашык убакыт иштеп, бул тармакка өзүнүн чоң салымын кошкон.


Шекербек Мамажусупов сот тутумундагы эмгек жолун 2000-жылы баштап, ушул мезгил аралыгында ар кандай жооптуу кызматтарды, анын ичинде Баткен облустук сотунун бөлүм башчысы кызматын ишенимдүү жана так аткарып келди.


Салтанаттын жүрүшүндө Шекербек Мамажусупов кесиптештерине ыраазычылык билдирип, сот системасын өнүктүрүүдө аппарат кызматкерлеринин биргелешкен салымынын маанисин белгиледи.


Көп жылдык ак ниет жана ишенимдүү эмгеги үчүн Шекербек Мамажусупов бир катар сыйлыктар менен сыйланган. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинен “Сот департаментине сиңирген эмгеги үчүн” медалы, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын “Кадыр” медалы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Баткен облусуна 25 жыл” юбилейлик медалы бар.


Баткен облустук сотунун жамааты Шекербек Мамажусуповго көрсөткөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана мындан аркы жашоосунда ийгиликтерди каалашты.


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы


  Замирбек Ормонов


Видео-блок

Н. Бакирова: “Сотко ойноп келбейт. Кызматкерлердин орой мамилеси элдин нааразычылыгын к...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Н.Бакирова: «Судьяларга методикалык жардам көрсөтүү, айрым катачылыктардын алдын алат»
Калыс сот – элдин тиреги | Талас облусу
Калыс сот – элдин тиреги | Нарын

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...