KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

"Фемида" командасы салттуу "Мурас"турнирине катышты

15 декабря 2024

Ушул күндөрү Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салттуу достук «Мурас» турнири болуп өттү.


Турнирдин биринчи күнү, 2024 — жылдын 14-декабрында, «Фемида» командасы» Ноокат «командасы менен 0:0,» Жогорку Кеңеш «командалары менен 1:0 эсебинде ойноп,» Өнөр » командасын  (4-1) утуп, тайпадан ийгиликтүү чыгууну камсыз кылган.


Бүгүн, 2024-жылдын 15-декабрында, «Фемида» чейрек финалда «Президентин командасы» менен татыктуу оюн көрсөттү.


Белгилей кетсек, «Фемида» командасынын курамында Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев, Ысык – Ата райондук сотунун төрагасы Ашырбек Курманов, Биринчи май райондук сотунун төрагасы Алмаз Калыбаев, Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Өзгөн райондук сотунун төрагасы Аман Бокомбаев, Майлуу – Суу шаардык сотунун төрагасы Жеңишбек уулу Жолдошбек, Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Өткүрбек Абдыкаров, Чоң-Алай райондук сотунун судьясы Айбек Бекбулатов, Ош облустук сотунун судьясы Таалайбек Умуркулов, Бишкек шаардык сотунун судьясы Арзыбай Абдураимов, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Таирбек Туленбаев.


Белгилүү болгондой, «Фемида» командасынын Жогорку соттон өкүлү болуп Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, команданын жетекчиси – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Жакшылыков жана машыктыруучусу  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Тилек Турдукулов болду.


Видео-блок

М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту
"Эшиктин тешигинен акча ыргытат деп коркобуз!". Элден сурамжылоо жүрөт". Кара-Колдогу А...
М.Сатыев: "Элди нааразы кылбай, иш сапатыңарды жакшырткыла!". Жети Өгүз райондук соту
М.Сатыев: "Эл сотко жыргаганынан келбейт! Жакшы мамиле кылгыла!" Тоң райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...