KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Куралбек Абдыкадыров Нарын облусунун активине тааныштырылды

08 июля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков Нарын облустук сотунун төрагасы кызматына дайындалган Куралбек Амантаевич Абдыкадыровду Нарын облусунун активине тааныштырды.


Ш. Камчыбеков Нарын облустук сотунун жаңы төрагасын дайындоодо анын эмгек жолу жана топтогон бтажрыйбасы эске алынгандыгын белгилеп өттү.


“Сот мыйзамдын талаптарын жана нормаларын так аткарышы жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатууда тийиштүү чараларды көрүшү керек, ошондой эле, иштерди өз убагында кароо менен жарандардын сот системасына ишенимин бекемдөөcү зарыл” – деди Ш.Камчыбеков.


Андан тышкары, жергиликтүү актив менен тыгыз иштешүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, сот адилеттигин орнотуга багытталган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.


Эске салсак, Куралбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык дайындалды.


 


Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Турдалиева


Видео-блок

Баткен облусундагы соттордун жыл жыйынтыгы чыгарылды
Медербек Сатыев Илимий- консультациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту
МЕН СУДЬЯ. Ар бир чечимдин артында адамдардын тагдыры турат - Турсунгул Чаргынова
МЕН СУДЬЯ. “Сот чыгарган чечимин түшүндүрүп берүүсү керек” - Аида Апысова
МЕН СУДЬЯ. Темирбек Ибраимов: "Бул менин сүйүктүү кесибим"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...