KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстандын сот системасындагы чечкиндүү кадамдар

07 марта 2025

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Өлкөнүн сот бийлиги жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу менен эгемендүү мамлекетибизде укук үстөмдүгүн орнотуунун башатында турган мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Бир кылымдык тарыхы бар сот тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында акыркы жылдары өлкө жетекчилигинин колдоосу менен чечкиндүү кадамдар жасалууда.



Алардын негизгилерине токтолсок, жергиликтүү сотторду дайындоодо тең салмактуулукту сактоо, соттордун калыстыгына шек жаратпоо жана коомчулуктун сын-пикирлерин азайтуу максатында өлкө башчысы тарабынан жергиликтүү сотторду ротациялоо зарылдыгы белгиленип, бүгүнкү күндө иш жүзүнө ашууда. Акыркы 3 жылда республика боюнча 457 жергиликтүү судьялардын ичинен 351 судья ротация болушкан. Алсак, Өмүрбек Сарыбаев 3 жыл мурда Ош облусунун Өзгөн районунан Нарын облусунун Кочкор райондук сотуна төрагалык кызматка ротация жолу менен келген.



“Жаңыча саясат менен жаңы форматта иштеп жатабыз. Ротация бул жакшы ыкма. Негизи соттор мыйзамдын так аткарылышын, жарандардын сотторго болгон ишеничин, мамилелерин жакшыртуу үчүн биз бардыгын биринчи өзүбүздөн башташыбыз керек. Акыйкат чечимдерди чыгарууга ар бир сот милдеттүү жана сот чечимдерди чыгарууда кандайдыр бир адашууга укугу жок деп эсептейм. Себеби, соттун чечими менен ар бир адамдын тагдыры чечилет”,-деди Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасы Өмүрбек Сарыбаев.


Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги XIII Элдик курултайында президент Садыр Жапаров мамлекеттин колдоосу аркылуу жетишилген бир катар маанилүү өзгөрүүлөрдү белгилеп, алардын ичинен судьяларды ротациялоо системасынын киргизилиши оң натыйжаларды бере баштаганын айтып өттү.



Белгилей кетсек, өлкөдөгү сот реформасын ишке ашыруу жана сот бийлигинин ишинин сапатын жогорулатууга багытталган “2023-2026-жылдарга КР сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасы президенттин жарлыгы менен бекитилген. Аталган программада белгиленген негизи милдеттерди ишке ашыруу үчүн сот тутумун каржылоонун жалпы көлөмү 25 млрд 518 млн 980 миң сомду, тактап айтканда республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 2 пайызын түзөөрү судьялардын XIII курултайында айтылды.



Ошондой эле 2024-жылы республиканын соттору тарабынан жалпысынан 178 миң 412 соттук иштер жана 68 миң 518 соттук материалдар каралып, бул 2023-жылга салыштырмалуу соттук иштердин 25,61 пайызга ал эми соттук материалдардын 3,91 пайызга көбөйгөнүн тастыктайт. Бирок, сот тутумунда жасалып жаткан реформаларга карабастан, судьялар кеңешине келип түшкөн арыз-даттануулардын саны өскөн. Тактап айтканда, 2025-жылдын 25-февралына карата жалпы 1 миң 978 арыз, даттануу жана сунуш келип түшүп, тартип комиссиясынын корутундусунун негизинде сот адилеттигин жүргүзүүдө мыйзам бузууга жол берген 99 судьяга карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулгандыгы курултайда маалымдалды. Коомчулукта сот системасында коррупциялык көрүнүштөр арбын деген айрым пикирлер айтылып келээри барыбызга маалым. Президент да өз сөзүндө сот тутумундагы коррупция биринчи кезекте жалпы журтубуздун мамлекетке болгон ишенимин солгундатарын белгиледи.



“Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот” антикоррупциялык мыйзамдар күчөтүүнүн үстүндө. Таза иш алып барууну камсыздоо жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында жаңы судьяларды тандоо системасын тез арада өркүндөтүү зарыл”, — деди мамлекет башчысы.


Белгилүү болгондой, судьяларды электрондук тандоо процесси сот тутумун санариптештирүүнүн алкагында киргизилүүдө. Бул автоматташтырылган система судьялардын кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун ачык-айкындуулугун камсыздап, адам факторунун кийлигишүүсүнүн жоюлушуна алып келээрин Жогорку сотко караштуу сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” мамлекеттик ишкана-мекемесинин директору Бек Иманалиев билдирди.



“Бүгүнкү күндө сот бийлигинде санариптештирүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Сотторду тандоо үчүн жасалма интеллектти колдонуу менен адамдык факторлорсуз ишке ашырылуучу жаңы система иштелип чыгууда. Сот тутумунун ишин автоматташтырылган система аныктайт. Андан тышкары, республиканын ар бир сот имараттарына эл менен түз байланыш механизми болгон сурамжылоо боюнча QR-коддор иштөөдө. Булардын бардыгы сот тутумундагы ачык-айкындуулукту камсыз кылып, сот реформасын өркүндөтүүгө өбөлгө болот”,- дейт Иманалиев.


Ал эми үч жылда бир жолу өткөрүлгөн судьялардын курултайы соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат. Мында Судьялар кеңешинин үч жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылат.



“Судьялардын курултайы бардык судьялар үчүн жоопкерчиликтүү мезгил. Сот системасына болгон элдин ишенимин арттыруу, акыйкаттык, адилеттик үчүн кандай иштерди аткаруу керектиги айтылат. Сот чын ниети менен адилеттүүлүктү карманып, мыйзам чегинде иштеши керек. Өзүнүн жүрүм-туруму менен элге-журтка үлгү болушу керек. Судьялар үчүн элге кызмат кылуу бул милдет, мурда кызматтык бийлик деп эсептелсе, азыр эл алдында аткара турган чоң милдет”, — деди КР эмгек сиңирген юристти Бердибек Эсенбаев.



Жыйынтыгында өлкөнүн сот тутуму мамлекеттин демократиялык өнүгүүсүнүн жана мыйзамдуулугунун негизги түркүгү деп атасак болот. Сот тутумунун адилеттүү жана күчтүү болушу өлкөбүздүн туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыз кылып, жарандардын укуктары менен эркиндигинин корголушунун кепилдиги, элдин бийликке болгон ишениминин негизги болуп саналат.



https://kabar.kg/news/kyrgyzstandyn-sot-sistemasyndagy-chechkind-kadamdar/


Видео-блок

Эми ар бир жаран соттордун тейлөө сапатын баалай алат
М. Сатыев ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту
Президент: "Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот". Кыргыз Республикас...
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайы болуп өттү. Үч жылда эмнелер аткарылды?
Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...