KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Маргарита Мельникова: “Болот Шамшиевдин “Эсимде” аттуу кинороманы муундан -муунга берилип турат”

30 мая 2019

Бүгүн, 2019-жылдын  30-майында, Бишкекте белгилүү кыргыз кинорежиссеру, сценарист, актер, СССРдин жана Кыргыз ССРнин  элдик артисти, “Манас” орденинин эки жолку кавалери Болот Шамишиевдин  “Эсимде” аттуу кинороманы  презентацияланды.


Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  сүдьясы Маргарита Мельникова,  Акыйкатчы Токон Мамытов, окумуштуу-илимпоздор, маданияттын жана элчиликтердин өкүлдөрү, кино сүйүүчүлөр жана Болот Шамшиевдин  замандаштары келишти.


Китептин бет ачарында автор өлкөнүн тарыхы туурасында  китеп жазууну чечип, кинороман   согуштан кийинки чыныгы окуялардын негизинде жазылгандыгы маалымдалды.


Көркөм кино жана телевидения үчүн  роман-сериал болгон  адабий чыгарма “Эсимде”  автор тарабынан уникалдуу болгон жанр- кинороман түрүндө жазылган.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Маргарита Мельникова  бул китеп экрандаштырууга чыныгы материал болуп, аны окуган  ар бир окурманга адам жашоосунун маанилүү баалуулуктарын эске салып турарын айтты.


М. Мельникова  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиеванын атынан куттуктоо катын окуду.


Кыргыз Республикасынын сот тутумунун  атынан   ата-мекендик адабиятта өзүнүн татыктуу ордун тапкан  чоң иш жасалгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Окурмандар өлкөнүн тарыхын билип, мамлекет үчүн салым кошкон адамдарды эстеп жүрүшөт”, — деп жазылган куттуктоодо.


Алгачкы юридикалык билимди алган  жана  улуттук юридикалык  илимдин негиздөөчүлөрүнүн  бири болгон  Карпек Шамсединовичтин  баскан жолун баяндаган   “Эсимде” кинороманы элге  кызмат кылуунун мисалы катары муундан- муунга  берилип турарын  Маргарита Мельникова кошумчалады.


 


Видео-блок

Калыс сот – элдин тиреги | Нарын
Уңгужол боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду
Калыс сот – элдин тиреги | Талас | Чүй
Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...