KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Элдин ишенимин кайтаруу үчүн иштердин сапатын көтөрүшүбүз керек

18 декабря 2024

Бул туурасында бүгүн, 2024-жылдын 18-декабрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Араван райондук сотунда болгон учурда билдирди.


Төрага иштерди өз мөөнөттөрүндө карап, создурбоону эскертти. Ошондой эле адилеттүү, мыйзамдуу чечимдерди чыгаруу менен гана элдин ишенимин кайтаруу  мүмкүн экендигин айтты.


Аталган соттун төрайымы Майрамкүл Тентиева аталган соттун имаратынын эскилиги жетип, кызматкерлер үчүн бөлмөлөр  жетишсиз экендигин билдирди. Ошондой эле төрт судьяга бир  гана сот залы бар экендиги маалым болду.


Буга байланыштуу төрага жаңы имарат куруу үчүн тез арада жер тилкесин караштырууну тапшырды.


Мындан тышкары аталган соттун улук сот приставы Кумар Асанов ушул жылдын тогуз айында мажбур иретинде соттордон  62 токтом түшүп, ал толугу менен аткарылгандыгын кошумчалады.


Видео-блок

М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту
"Эшиктин тешигинен акча ыргытат деп коркобуз!". Элден сурамжылоо жүрөт". Кара-Колдогу А...
М.Сатыев: "Элди нааразы кылбай, иш сапатыңарды жакшырткыла!". Жети Өгүз райондук соту
М.Сатыев: "Эл сотко жыргаганынан келбейт! Жакшы мамиле кылгыла!" Тоң райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...