Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Жалал-Абад облусундагы Сот адилеттик үйүндө судьялар үчүн өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.
“ Бүгүнкү күндө ким сот тутумуна салым кошом десе, алар иштешет. Ал эми керт башын ойлогон, сот тутумуна көлөккө түшүрүп, соттордун аброюна шек келтирген кызматкерлерди кармабайбыз ”, — деп белгиледи Медербек Сатыев.
Кеңешменин жүрүшүндө төрага соттордун ишмердүүлүгүнө токтолуп, иштерди өз убагында жана адилеттүү кароо боюнча талаптарды күчөтүү зарыл экенин баса белгиледи. Ал сот адилеттигине элдин ишенимин арттыруу үчүн судьялардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу маанилүү экенин айтты.
«Сот системасынын негизги максаты — ар бир жаран үчүн адилеттүүлүктү камсыздоо. Иштердин сапаты, мөөнөттөрүндө каралышы, мыйзамдуулугу эң маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болушу керек. Ошондуктан судьялар ишти кароодо бейтараптуулукту жана жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү көрсөтүшүңөр зарыл«, — деди төрага.
Белгилүү болгондой, Сот адилеттик үйүндө Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун Административдик соттору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы, Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрү, ошондой эле Жалал-Абад аймактык Сот приставдар кызмат бөлүмү жайгашышкан. Жети орган бир имаратта орун алып, келген тараптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Сот адилеттик үйүндөгү кеңешменин жыйынтыкталышы менен Медербек Сатыевдин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары соңуна чыкты.
Белгилүү болгондой, Жогорку соттун төрагасы Жалал-Абад облусундагы бардык райондук, шаардык жана облустук соттордун бардыгын кыдырып, учурдагы абалдары менен таанышып чыкты.