KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек  Сатыев: Эл соттордон адилеттүү чечимдерди күтүп жатышат

10 декабря 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 10-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунда болду.


Бакай-Ата райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Кадырбек Матисаков аталган сотто 2 судья жана 15 аппарат кызматкерлери эмгектенип жаткандыгын билдирди.


Медербек Сатыев сот адилеттигин жүргүзүү иштерине көңүл буруп, cудьяларды иштерине так болууга чакырды.


Президент Садыр Нургожоевичтин сот системасын жакшыртууга болгон камкордугу жана ишеними бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Айлык маянанын көтөрүлүшү, жаңы турак жайлардын курулушу жана материалдык-техникалык базанын чыңдалышы – бул сотторго жарандарга жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүү үчүн эң жакшы шарттарды түзүү дегенди түшүндүрөт.


Мамлекет башчысы соттордон бир гана адилеттүү, мыйзамдуу, негиздүү чечимдердин чыгышып талап кылууда. Андыктан, биз соттор элдин ишенимин арттыруу үчүн болгон күч аракетибизди  жумшашыбыз керек. Анткени, элдер соттордон адилеттүү чечимдерди күтүп жатышат”, — деп билдирди төрага.


Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун имараты 1963-жылы курулган жана акыркы жолу 2017-2018 жылдары капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.


Медербек Сатыев имараттын абалы менен таанышып,  эмгек жамааттын иштөө шарттарын көрүп чыкты.


Видео-блок

М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...
М.Сатыев: "Бардык шартыңар түзүлүп жатат. Эми талап да болот!." Жумгал райондук соту
М.Сатыев: "Кол ийрисине тартат дегенди токтоткула! Мыйзам менен иштегиле! ". Ак-Талаа р...
М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...