Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаардык сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Төрага аталган сотко келээри менен сот аппаратынын кызматкерлери жана улук сот аткаруучунун жана улук приставдын катышуусу менен кеңешме өткөрдү.
Ош шаардык сотунун төрагасы Бакыт Усубалиев жарым жылда 16 миңден ашуун иш катталганын, анын жарымынан көбү жарандык иштер экенин, өткөн жылга салыштырмалуу 2400 иш көп экенин билдирди. Жогорудагы маселелердин ичинен негизги көңүл имаратка бурулду. Бакыт Усубалиев мурда бөлүнгөн эски имаратты реконструкциялоодон баш тартуу маселесин кароону сунуштады, анткени бул бардык көйгөйлөрдү чечпейт. Ош шаардык сотунун төрагасынын пикиринде, бардык заманбап талаптарга жооп берген жаңы имараттын курулушу көйгөйлөрдү чечүүгө чекит коюшу мүмкүн.
Азыркы учурда аталган соттун 26 судьясынын ичинен 8 криминалист-судьялар гана иштерди сот отурумдарынын залдарында карап жатышат, калгандарынын баары соттук отурумдарды өздөрүнүн жумушчу кабинеттеринде өткөрүүгө аргасыз.
Ошондой эле электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына, «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишине, сот аппаратынын кенже жана техникалык персоналынын эмгек акысынын аздыгына байланыштуу кыйынчылыктар айтылды.
Улук сот приставы Нурлан Ибраевдин маалыматы боюнча 391 соттун мажбурлап алып келүү токтомунун 126сы аткарылган эмес жана аткарылбагандыгынын негизги себеби жарандардын миграциясы болуп саналат. Соттук чечимдердин аткарылышы боюнча толук эмес жылда 52,4% гана аткарылгандыгы маалымдалган. Медербек Сатыев судьялардын соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүп, аткаруу пайызын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнү тапшырды.