KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Иштер өз мөөнөттөрүндө каралбай, жарандар нааразычылыгын билдирүүдө

13 декабря 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 13-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев  Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотуна барды.


Медербек Сатыев аталган соттун жамааты менен болгон жолугушууда каралып жаткан иштердин сапатына токтолуп, иштер өз мөөнөттөрүндө каралбай жатканын сындады.


“Иштер созулуп каралып жаткандыгына байланыштуу, тараптар нааразы болуп жатышат. Мындай көрүнүштөрдү жоюп, өз убагында иштерди кароого өтүшүңөр керек ”, — деди  төрага.


Ноокен райондук сотунун төрайымы  өз кезегинде Ойниса  Эгембердиева аталган соттун имаратында  судьяларга жана аппарат кызматкерлерине бөлмөлөр жетишпей, беш судьяга бир сот залы  гана бар экендигин айтты.


Бул боюнча Жалал-Абад облусунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу  жаңы имарат куруу сунушу Сот департаментине киргизилип, жер тилкесин караштыруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.


Төрага  Медербек Сатыев соттун архиви туурасында сурап, тезинен электрондук архивке өткөрүүнү тапшырды.


Видео-блок

М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту
"Эшиктин тешигинен акча ыргытат деп коркобуз!". Элден сурамжылоо жүрөт". Кара-Колдогу А...
М.Сатыев: "Элди нааразы кылбай, иш сапатыңарды жакшырткыла!". Жети Өгүз райондук соту
М.Сатыев: "Эл сотко жыргаганынан келбейт! Жакшы мамиле кылгыла!" Тоң райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...