KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Сот системасында кадр саясаты өзгөрдү

12 декабря 2024

Бул туурасында  Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Аксы райондук сотунда судьялар жана аппарат кызматкерлери менен болгон жолугушууда билдирди. Төрага жергиликтүү сотторго жумушка келген кадрлар дароо эле жогорку кызматка дайындалбашы керектигин баса белгиледи.


«Сот системасында карьерасын баштагысы келген ар бир адам адегенде ишмердүүлүгүн эң негизги иштерден баштап, мыкты адис болуп жетилүүгө аракет кылышы керек», – деп белгиледи Медербек Сатыев.


Ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагалары кызматкерлеринин өз убагында квалификациясын жогорулатууну камсыздап, алардын кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө умтулушу керектиги белгиленди. Ал эми ишине  жоопкерчиликсиз жана ак ниетсиз иштеген кызматкерлерден тез арылуу керектиги айтылды.


Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбековго электрондук архивге өтүүнү баштоо тапшырылды, ал эми Сот департаментинин облустук башкармалыгынын башчысына кыска мөөнөттө биринчи инстанциядагы сотто заманбап архивди уюштуруу үчүн керектүү оргтехника менен камсыз кылуу талабы коюлду.


Мындан тышкары, Азат Доулбеков сот  чечимдерин  аткаруу пайызын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.


Ошону менен бирге Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Алмаз Токтосунов Аксы райондук сотунун жаңы административдик имаратын куруу боюнча даярдыктын этаптары тууралуу кеңири маалымат берди жана имаратты тургузуу үчүн жер тилкесине мамлекеттик акт алынганын билдирди.


Видео-блок

М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...
М.Сатыев: "Бардык шартыңар түзүлүп жатат. Эми талап да болот!." Жумгал райондук соту
М.Сатыев: "Кол ийрисине тартат дегенди токтоткула! Мыйзам менен иштегиле! ". Ак-Талаа р...
М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...