Бүгүн, 2024-жылдын 10-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Талас облусунун Талас райондук сотунун эмгек жамааты менен жолугушту.
Талас райондук сотунун төрагасы Бакытбек Жаназаков менен судья Жоомарт Ганиевдин кассациялык тартипте караган иштеринин күчүндө калышы толук 100 пайыз экендиги айтылды.
Медербек Сатыев сот реформасын ишке ашырууга сот тутумундагы ар бир кызматкер өз салымын кошуш керек экендигин белгиледи.
“Бул үчүн адилеттүүлүк, жоопкерчилик жана кесипкөйлүк негизги принциптер болушу зарыл.
Ар бир кызматкер өз ишинин сапатын жогорулатуу, жарандардын ишенимин арттыруу жана сот системасын өнүктүрүүгө активдүү катышуу менен реформага салым кошо алат.
Ошондой эле, реформанын ийгиликтүү жүзөгө ашышы үчүн соттук иштерди өз мөөнөтүндө жана объективдүү карап чыгуу, мыйзамдуулукту бекем сактоо маанилүү рол ойнойт”, — деди Медербек Сатыев.
Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы соттогу ишти автоматтык бөлүштүрүү, автоматтык маалымат системасы жана аудио жана видео байланыш тутумдарынын иштешин кызыгып сурады.
Аталган соттун төрагасы Бакытбек Жаназаков Талас райондук сотунда бөлмөлөр жетишпей жаткандыктан балдар бөлмөсү азырынча жок экендигин, ошондой эле судьяларга караган турак-жайларда жылуулук жок болуп жаткандыгын маалымдады.
Бул багытта жергиликтүү бийлик органдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын райондук соттун төрагасы билдирди.
Белгилей кетүүчү жагдай, Талас облусунун Талас райондук сотунда эки судья жана 12 аппарат кызматкери эмгектенет.
Аталган соттун имараты 1980-жылы курулган жана акыркы жолу 2019-жылы капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.