KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев КМШнын Экономикалык сотунун пленумуна катышууда

14 ноября 2024

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык сотунун пленумунун ишине катышты. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.


Пленумдун ишине пленумдун төрагасы – КМШ мамлекеттеринин Экономикалык сотунун төрагасы Андрей Плотников, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев, КР Жогорку сотунун судьясы, КМШ Экономикалык сотунун судьясы Айбек Давлетов, Тажикстандын Жогорку экономикалык сотунун төрагасынын орун басары, КМШ Экономикалык сотунун судьясы Зокирджон Аминзода, КМШ Экономикалык сотунун судьясы Эвелина Нагорная жана Алматы шаардык соту төрагасы, КМШ Экономикалык сотунун судьясы Аскар Смайлов кирет.


Ошондой эле онлайн режиминде өткөрүлгөн иш-чарага КР Жогорку сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков жана Кыргызстандын Жогорку сотунун судьясы, Жогорку соттун пленумунун катчысы Турсунгүл Чаргынова катышты.


Пленумдун жүрүшүндө КМШнын Экономикалык соту жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.


Белгилүү болгондой, пленум Экономикалык соттун жогорку коллегиалдуу органы болуп саналат. Пленум Экономикалык соттун төрагасы болуп саналган мамлекеттерди кошпогондо, ар бир мүчө мамлекеттен бирден Экономикалык соттун төрагасынан жана судьяларынан, ошондой эле экономикалык маселелерди кароого ыйгарым укуктуу жогорку улуттук соттордун төрагаларынан турат.


 


https://kg.kabar.kg/news/mederbek-satyev-kmshnyn-ekonomikalyk-sotunun-plenumuna-katyshuuda/


Видео-блок

Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...
Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...