KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыевдин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары башталды

11 декабря 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 11-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында, алгач Токтогул райондук сотунда болду.


Төрага аталган райондук соттун жамааты менен жолугушуп, судьялардын  жана аппарат кызматкерлеринин көңүлүн эмгек тартибин бекем сактоого, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга бурду.


Мындан тышкары, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга, сотко кайрылган адамдарга сылык мамиле кылууга чакырды.


Ошондой эле Медербек Сатыев  райондук  соттун судьяларын  иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү сактап, соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын  аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.


Видео-блок

М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...
М.Сатыев: "Бардык шартыңар түзүлүп жатат. Эми талап да болот!." Жумгал райондук соту
М.Сатыев: "Кол ийрисине тартат дегенди токтоткула! Мыйзам менен иштегиле! ". Ак-Талаа р...
М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...