Бүгүн, 2025-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттор менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Анда соңку учурдагы айрым судьялар менен сот аппаратынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери айтылды.
Анда судьялардын эмгек акылары жогорулап, материалдык-техникалык база чыңдалып, натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлүп жаткандыгы баса белгиленди. Ошол эле учурда, айрым кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери жана этикага туура келбеген жүрүм-туруму жалпы сот бийлигинин аброюна шек жаратып жатканын айтылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев “Канчалык эскертүүлөр, талаптар коюлгандыгына карабастан айрым судьялардын пара менен кармалып, тергөө иштери жүрүп жатканы сот системасынын кадыр-баркына чоң залал келтирүүдө. Ал эми мындай көрүнүштөр коомчулук арасында сотторго карата терс сын-пикирлердин күч алышына түрткү берип жатат.
Ошондуктан айрым судьялардын, сот кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерге барып жатканына областтык, райондук соттордун төрагалары сиздер да моралдык жактан жооптуу экениңиздерди унутпаңыздар! Анткени сиздер тарабынан бул багытта жетиштүү деңгээлде алдын алуу иштери жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет”-деди.
Мындан тышкары төрага, судья — адилеттиктин тиреги, коомдогу мыйзамдуулукту камсыз кылган адам. Ал ар бир жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого милдеттүү экендигин баса белгледи.
Жогорку соттун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына келип түшкөн бардык кайрылуулар жана даттануулар кылдат каралышы керектигин баса белгилеп, эгерде бузуулар аныкталса, катаал чаралар көрүлүшү керектигин билдирди.
Жергиликтүү сотторго жалпы жыйындарды өткөрүү, сот аппараттарынын кызматкерлерине этикалык нормаларды жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча так талаптарды коюу, бул маселени катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. Сотко кайрылган жарандарга сылык жана урматтоо менен мамиле кылууга өзгөчө маани берүү зарылдыгын белгиледи.
Онлайн-кеңешмеде Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков жана Нургүл Бакирова сөз сүйлөштү. Алар жергиликтүү соттордун ишиндеги бир катар кемчиликтерди белгилеп, судьяларды мыйзамды так сактоого чакырышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрайымы Турсунгүл Чаргынова быйылкы жылдын жети айында комиссияга судьяларга байланыштуу 294 кайрылуу түшкөнүн билдирип, бардык судьялар ант бергендигин эскертип, Кыргыз Республикасынын судьясынын Этикалык кодексин бузбоого чакырды.
Жогорку соттун судьясы, Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Айбек Молдакунов судьялардын кемчиликсиздиги боюнча Конституциялык норманы сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова сот системасын санариптештирүү процесси боюнча маселелерди көтөрүп, бул жараян коррупцияга каршы күрөшүүдө да маанилүү экенин айтты.
Видеоконференция форматында өткөн кеңешмени жыйынтыктап жатып, төрага Медербек Сатыев сот тутуму тазалануу процессин улантарын катуу эскертип, мыйзам бузгандар кызматтан кетип эле тим болбостон, аларга карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык катаал жоопкерчилик каралаарын эскертти.