2026-жылдын 18-июнунда Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун экинчи конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев менен Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Алишер Усмановдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Маргарита Мельникова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана коомчулук, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков катышты.
Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев коштоп жүрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин сот тутумдарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, сот-укуктук реформаларды жүргүзүү, сот ишмердүүлүгүнө санариптик технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашты, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын Жогорку сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечегин карашты.
Жолугушууну ачып жатып, Медербек Сатыев кыргыз-өзбек кызматташтыгынын жогорку деңгээлин белгилеп, эки өлкөнүн сот системаларынын ортосундагы кесиптик диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Өзбекстан Республикасында “Жаңы Өзбекстан” стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан сот реформаларын жогору баалады. Ал реформалар сот тутумун модернизациялоого, сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана сот бийлигинин көз карандысыздыгын чыңдоого багытталган.
«Кыргыз Республикасы Өзбекстандын сот системасында ишке ашырылып жаткан ырааттуу өзгөрүүлөргө өзгөчө көңүл бурат. Сот бийлигин реформалоого болгон комплекстүү мамиле биз үчүн кызыгууну жаратат, анткени ал институттук өзгөрүүлөрдү да, заманбап санариптик куралдарды өнүктүрүүнү да камтыйт», — деп белгиледи Медербек Сатыев.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар сот администрациялоону өркүндөтүү, соттук практиканын бирдейлигин камсыз кылуу, судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө жана жарандардын укуктарын сот аркылуу коргоонун сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл сот тутумдарын санариптик трансформациялоого бурулду. Медербек Сатыев кыргыз тараптын электрондук сот адилеттигин өнүктүрүү жана заманбап санариптик кызматтарды киргизүү боюнча жүргүзүп жаткан иштерин өзбек тарапка маалымдады.
«Кыргызстанда сот системасын санариптик трансформациялоо боюнча ырааттуу иштер жүрүп жатат. Электрондук сот өндүрүшү өнүгүүдө, электрондук документ жүгүртүү, иштерди автоматташтырылган бөлүштүрүү жана соттук отурумдарга аралыктан катышуу механизмдери өркүндөтүлүүдө. Биздин башкы максат — жарандар жана бизнес үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылуу», — деди Төрага.
Ошондой эле ал заманбап санариптик технологиялар сот ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатууга кызмат кылышы керектигин, ошол эле учурда сот бийлигинин көз карандысыздыгы жана судьянын чечим кабыл алуудагы өз алдынчалыгы сакталууга тийиш экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сот реформаларын жүргүзүү, сот адилеттигин санариптештирүү, судьялык кадрларды даярдоо жана соттук практиканы өркүндөтүү жаатында тажрыйба алмашууну мындан ары да улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Тараптар эки тараптуу деңгээлде да, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында да кызматташууну кеңейтүүгө, соттук тажрыйба алмашууну күчөтүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин тастыкташты.

