KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Түркия Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Зеки Йигит менен административдик сот адилеттигин өнүктүрүү жана соттор аралык кызматташтык маселелерин талкуулады

18 июня 2026

2026-жылдын 18-июнунда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун Экинчи конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев менен Түркия Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Зеки Йигиттин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Маргарита Мельникова жана Инара Гилязетдинова, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков катышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар административдик сот өндүрүшүн өнүктүрүү, соттук практиканы өркүндөтүү, сот тутумун санариптештирүү, судьялык кадрларды даярдоо маселелерин жана Кыргызстан менен Түркиянын жогорку сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү келечегин талкуулашты.


Түркия делегациясын тосуп жатып, Медербек Сатыев кыргыз-түрк мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилеп, эки мамлекеттин ортосундагы көп жылдык достукка, тарыхый-маданий баалуулуктардын жалпылыгына жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген мамилелерге токтолду.


«Кыргызстан менен Түркияны өз ара терең тарыхый байланыштар, руханий жакындык жана стратегиялык өнөктөштүк бириктирет. Соттук-укуктук чөйрө биздин кызматташтыктын маанилүү багыты болуп саналат жана биз жогорку сот институттарынын ортосундагы кесиптик диалогду мындан ары да чыңдоого кызыкдарбыз», — деп белгиледи  Жогорку соттун Төрагасы.


Жолугушууда административдик сот адилеттиги маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Медербек Сатыев Түркия Республикасынын Мамлекеттик кеңеши административдик юстиция жаатындагы авторитеттүү институт экенин жана мамлекеттик-укуктук мамилелерде мыйзамдуулукту камсыздоодо чоң тажрыйбага ээ экенин белгиледи.


Ал Түркиянын административдик талаштарды кароо, жарандардын мамлекеттик органдар менен мамилелериндеги укуктарын коргоо жана адистештирилген административдик сот өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы Кыргызстан үчүн чоң практикалык кызыкчылык жаратканын билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле сот тутумун санариптик трансформациялоо маселелери талкууланды. Кыргыз тарап түркиялык кесиптештерге электрондук сот адилеттигин өнүктүрүү, заманбап санариптик кызматтарды киргизүү жана сот процесстерине аралыктан катышуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.


Мындан тышкары, судьялык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да талкууланды. Тараптар кесиптик тажрыйба алмашуунун, биргелешкен билим берүү иш-чараларын уюштуруунун жана эки мамлекеттин сот билим берүү мекемелеринин өз ара кызматташтыгын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.


Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу  Сот адилеттигинин  жогорку  мектебин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын жана судьяларды даярдоо жаатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты.


Ошондой эле жолугушууда Түрк мамлекеттер уюму алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу жана сот органдарынын ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө жана сот тутумун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.


«Кыргызстан менен Түркиянын сот органдарынын ортосундагы кызматташтыктын кеңейиши мыкты тажрыйбаларды алмашууга, сот ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана элдерибиздин достугун мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп белгиледи Медербек Сатыев.


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...