2026-жылдын 18-июнунда Казакстан Республикасынын Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Жогорку сотторунун экинчи конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев менен Түркия Республикасынын Кассациялык сотунун төрагасы Өмер Керкездин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Маргарита Мельникова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана Коомчулук, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков катышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын сот тутумдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин, сот адилеттигин санариптештирүү, судьялык кадрларды даярдоо маселелерин, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Жолугушууну ачып жатып, Медербек Сатыев кыргыз-түрк мамилелеринин өзгөчө мүнөзүн белгилеп, Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган мамлекет экенин баса көрсөттү.
«Биздин өлкөлөрдү тарыхый тамырлар, тилдик жана маданий жакындык гана эмес, стратегиялык өнөктөштүктүн көп жылдык мамилелери да бириктирет. Түркия Республикасынын бир тууган түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошуп жаткан салымын жогору баалайбыз», — деди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы.
Төрага ошондой эле Түркиянын Түрк мамлекеттер уюмун түзүү жана өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, уюм бүгүнкү күндө мамлекеттер аралык кызматташтыкты, анын ичинде сот-укуктук чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн натыйжалуу платформасы болуп жатканын айтты.
Сүйлөшүүлөрдө санариптик сот адилеттигин өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз тарап Түркиянын Улуттук соттук маалыматтык системасын киргизүү тажрыйбасын түрк дүйнөсүндөгү сот адилеттигин санариптештирүүнүн эң ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бири катары белгиледи.
«Биз үчүн Түркиянын сот тутумунун заманбап санариптик инфраструктурасын түзүүдөгү тажрыйбасы, анын ичинде электрондук сот өндүрүшү, сот процесстерин автоматташтыруу, киберкоопсуздукту камсыз кылуу жана жарандар үчүн электрондук кызматтарды өнүктүрүү өзгөчө кызыгууну жаратат. Бул багыттагы тажрыйба алмашуу эки тарап үчүн тең пайдалуу болот деп ишенем», — деди Медербек Сатыев.
Өз кезегинде кыргыз тарап түрк кесиптештерине өлкөдө сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, “Санариптик сот адилеттиги” порталынын өнүгүшү, электрондук документ жүгүртүү, видеоконференц байланыш жана башка заманбап санариптик чечимдер тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун өзүнчө темасы судьялык кадрларды даярдоо жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери болду.
Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттиги жогорку мектеби менен Түркия Республикасынын сот тутумунун кадрларын даярдаган билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
«Заманбап чакырыктар судьялардын кесиптик даярдыгын үзгүлтүксүз жогорулатууну талап кылат. Ошондуктан биз биргелешкен билим берүү программаларын, стажировкаларды жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деди ал.
Жолугушууда ошондой эле медиация институтун жана талаштарды соттон тышкаркы чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар сот ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, укуктун үстөмдүгүн чыңдоо жана түрк мамлекеттеринин жалпы укуктук мейкиндигин өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин тастыкташты.
«Кыргызстан менен Түркиянын сот тутумдарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү биздин өлкөлөрдүн бир туугандык мамилелерин чыңдоого, сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга жана жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп жыйынтыктады Медербек Сатыев.

