KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Сүлүктү шаардык сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты

16 декабря 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаардык сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Жыйынында Медербек Сатыев соттук иштердин сапатын жогорулатууга жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурууну сот жамаатынан талап кылды.


Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы Урматбек Сыдыков адилеттикти ишке ашыруудагы сапат жана соттун ишмердүүлүгүндө келип чыккан көйгөйлөр, анын ичинде кызматтык бөлмөлөрдүн эмерек менен жетишсиз камсыздалышы тууралуу кеңири маалымат берди.


Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы аймактык Сот департаментинин башчысы Кубатбек Маликовго сот аткаруучуларын жана приставдарын төрт мезгилге ылайыктуу кызматтык кийимдер менен толук камсыздоону тапшырды.


Видео-блок

М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту
"Эшиктин тешигинен акча ыргытат деп коркобуз!". Элден сурамжылоо жүрөт". Кара-Колдогу А...
М.Сатыев: "Элди нааразы кылбай, иш сапатыңарды жакшырткыла!". Жети Өгүз райондук соту
М.Сатыев: "Эл сотко жыргаганынан келбейт! Жакшы мамиле кылгыла!" Тоң райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...