KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Ала-Бука райондук сотунун жаңы административдик имаратынын курулушу менен таанышты

12 декабря 2024

Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ала-Бука райондук сотунун жаңы административдик имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Алмаз Токтосунов курулуш иштери график боюнча жүрүп жатканын жана курулуштун баасы 43 миллион сомдон жогору  бааланганын  экенин билдирди.


Андан соң Жогорку сот органынын жетекчилиги Ала-Бука райондук сотуна барып, судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп,  эмгек шарттары менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө соттун ишин уюштуруудагы айрым кемчиликтер аныкталып,  биринчи инстанциядагы соттун төрагасы Камбарбек Бейшеевге аныкталган кемчиликтерди четтетүү тапшырылды.


Видео-блок

М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...
М.Сатыев: "Бардык шартыңар түзүлүп жатат. Эми талап да болот!." Жумгал райондук соту
М.Сатыев: "Кол ийрисине тартат дегенди токтоткула! Мыйзам менен иштегиле! ". Ак-Талаа р...
М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...