Бүгүн, 2024-жылдын 16-декабрында, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Баткен облустук сотуна болгон иш сапарынын жыйынтыгын чыгарды.
Апелляциялык инстанциядагы соттун имаратында облустук соттун, Административдик соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери жана Сот департаментинин аймактагы башкармалыгынын өкүлдөрү үчүн жыйын болду.
Жыйналыштын жүрүшүндө төрага ар бир судья боюнча адилеттикти ишке ашыруунун сапаты тууралуу маалымат уккан соң, соттордун ишин жакшыртуу максатында сот органдарына кайрылган жарандар арасында онлайн сурамжылоо жүргүзүлөрүн билдирди.
Андан кийин иш бөлмөлөрдү карап чыгып, ар бир кызматкер менен жеке баарлашып, көйгөйлөрүн өздөрүнөн угуп билди.