Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев бүгүн, 2024-жылдын 16-декабрында, Кадамжай райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Кадамжай райондук сотунун төрагасы Марклен Нармырзаев Жогорку сот органынын башчысына аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Кеңешменин жүрүшүндө электр энергиясынын өчүрүлүшү «Сот»автоматташтырылган маалыматтык системасынын иштешине терс таасир тийгизери айтылды. Сот департаментинин облустук башкармалыгынын башчысы Кубатбек Маликов генератор маселеси чечиле электигин билдирди.
Ошондой эле Медербек Сатыевге судьялар үчүн курулган үйлөр иштеген жеринен алыс, инфраструктурасы жок жана мамлекеттик чек арага жакын жайгашкандыгын маалымдашты. Ошондой эле сот аткаруучулар жана сот приставдардын эки сезонго гана формалары бар экендиги аныкталды.
Андан соң төрага иш бөлмөлөрдүн, архивдин жана соттун кеңсесиндеги эмгек шарттары менен таанышты.
Медербек Сатыев соттун ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан соң, Кадамжай райондук сотунун жанына сотторго нааразычылыгын билдирип чогулган эл менен жолугушту.
Жогорку соттун төрагасы ар бир иш боюнча Баткен облустук сотунун төрагасына мыйзам чегинде карап берүүнү тапшырды.