Бүгүн, 2024-жылдын 16-декабрында, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Баткен облусу боюнча иш сапарын улантып, Лейлек райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапарга Жогорку соттун судьясы Маргарита Мельникова, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев, ошондой эле Сот департаментинин облустук башкармалыгынын башчысы Кубатбек Маликов катышууда.
Медербек Сатыевди Лейлек райондук сотунун төрагасы Нурмухамбет Кермалиев тосуп алып, сот органынын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
Кеңешменин жүрүшүндө Жогорку сот органынын төрагасы судьялардан сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча ишти талыкпастан жүргүзүүнү, мамлекеттик кызматкердин эмгек тартибин, этикасын, ошондой эле дресс-кодду сактоону жана сотко кайрылган жарандарга сылык мамиле кылууну талап кылды.
Белгилүү болгондой, бул соттун көйгөйлөрүнүн бири эски жана тар имарат, жумушчу кабинеттердин жетишсиздиги болуп саналат. Кубатбек Маликовго маселени тез арада чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоо тапшырылды.
Төрага соттук иштерди бөлүштүрүүнүн автоматташтырылган системасына өзгөчө көңүл бурду. Анткени, аталган система иштерди судьялардын ортосунда бирдей бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган.
Мындан тышкары, жакын арада QR коду менен маалымат стенди орнотулары кабарланды. Бул Жогорку соттун соттордун иши боюнча калктан маалымат чогултуу максатында кайра байланыш механизмин киргизүү боюнча жаңы демилгеси болуп саналат.