KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Чүй облусундагы Токмок шаардык жана Чүй райондук сотторуна барды

23 января 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 23-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токмок шаардык жана Чүй райондук сотторуна барды.


Иш сапардын жүрүшүндө эки соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен кеңири кеңешме өткөрүлүп, анда өткөн жылдын толук эмес жыйынтыктары боюнча соттордун ишмердүүлүгү, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу сапаты, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо маселелери талкууланып, материалдык-техникалык камсыздоо жаатындагы көйгөйлөр каралды.


Өзүнүн сөзүндө Токмок шаардык сотунун төрайымы Сеиль Султаналиева жумуш кабинеттери жетишсиз экенин жана сот имаратын оңдоо зарылдыгын белгиледи. Чүй райондук сотунун төрагасы Болотбек Ажимуратов соттун иши жөнүндө маалымат берип, аппараттын кызматкерлеринин төмөн айлыгынан улам кадрлар жетишпей жаткандыгын белгиледи. Көтөрүлгөн маселелер боюнча Медербек Сатыев Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Ачикеевге бир катар тапшырмаларды берди.


Кеңешменин жүрүшүндө Жогорку соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов судьялардын мыйзам талаптарын так сактоосунун маанилүүлүгүн белгилеп, кассациялык инстанция тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу зарылдыгын баса белгиледи. Ал эми Жогорку соттун судьясы Айбек Молдакунов иш кагаздарын жүргүзүүдө нускамалардын талаптарынан айрым четтөөлөр бар экендигин белгилеп, аларды жоюу зарылдыгын айтты.


Жыйынтыктоочу сөзүндө Медербек Сатыев өлкө сотторунун имараттарына QR-коддору бар стенддер орнотуларын маалымдады, алардын жардамы менен жарандар соттордун ишин баалоого мүмкүнчүлүк алышат. Белгиленгендей, сурамжылоонун жыйынтыктары сот органдарынын иш сапатын жакшыртуу үчүн пайдаланылат.


Видео-блок

Президент: "Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот". Кыргыз Республикас...
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайы болуп өттү. Үч жылда эмнелер аткарылды?
Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...