KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Таш-Көмүр шаардык сотунун ачылышына катышты

11 декабря 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Таш-Көмүр шаардык сотунун жаңы имаратынын ачылыш салтанатына катышты.


Иш чарага   Таш-Көмүр  шаардык Аксакалдар кецешинин терагасы Жанышбек Багышбеков,  Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы Сагын  Кудайбердиев, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри  Талант Мырзабеков, Таш-Көмүр шаарьшын прокурору Санжар  Илиясов,  Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын  башчысы Момуналы  Добулбеков,  Таш-Көмүр шаардык УКМКнын башчысы Тимур  Смайылов,  Мамлекетгик салык кызматыньш Таш-Көмүр шаары боюнча башкармалыгынын башчысы  Эмиль   Абдижалилов, Таш-Көмүр шаардык аскер комиссариатынын башчысы Авазбек Джанболотов  катышышты.


Төрага  Медербек Сатыев бүгүн бир гана Таш-Көмүр шаары үчүн эмес, бүтүндөй сот системасы үчүн маанилүү күн болуп жаткандыгын айтты.


Жаңы имаратта  бардык шарттар  эске  алынган. Бүгүнкү күндө эки сот отурум залы, архив, балдар үчүн атайын бөлмө каралган. Мындан тышкары сот аткаруучулар менен сот приставдары жана адвокаттар үчүн дагы атайын бөлмөлөр бар.


Ал эми  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн  пандус коюлган.


Мамлекет башчысынын колдоосу менен  соттордун натыйжалуу иштешине ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат.


Жасалып жаткан аракеттердин баары өлкөбүздө адилеттүү сот тутумун калыптоо максатына арналган.  


Анткени, эл адилеттик  издөөдө сотко гана чоң үмүт артат жана элдин үмүт-тилеги мыйзамдуу чечимдер менен гана канааттандырылышы керек. Андыктан,  Таш-Көмүр  шаардык соту ак жолтой болуп, мыйзамдуу, негиздүү, акыйкат чечимдерди чыгарып, элдин ишенимин арттырууга  болгон бардык аракеттерди  көрөт  деп ишенем”, — деп белгиледи Медербек Сатыев.


Белгилей кетүүчү жагдай, Таш –Көмүр шаардык соту буга чейин 1970-жылы салынган эски имартаттын бир бөлүгүн гана ээлеп иштеп келишкен. Аталган имаратта кызматкерлер үчүн шарттар жок болгон жана  бир гана сот отурум залы  бар болчу.


Эми бул административдик эки кабаттуу имаратта 2 судья, 15 аппарат кызматкери эмгектенишет.


Жалпы аянты бир миң чарчы метрди түзгөн жаңы заманбап имаратты  курууга 54 млн сомдон ашык каражат жумшалган.


 



Видео-блок

МЕН СУДЬЯ. “Сот чыгарган чечимин түшүндүрүп берүүсү керек” - Аида Апысова
МЕН СУДЬЯ. Темирбек Ибраимов: "Бул менин сүйүктүү кесибим"
Биздин максат – адилет, ачык, калыс сот бийлигин түзүү. Жаңы жылдык куттуктоо.
Сот приставдарына жаңы автоунаалар берилди
М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...