KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун Экинчи конференциясына катышты

19 июня 2026

2026-жылдын 19-июнунда Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун Экинчи конференциясы өттү. Конференция сот адилеттигин өнүктүрүү, сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, сот тутумдарын санариптик трансформациялоо жана түрк мамлекеттеринин мейкиндигинде жагымдуу инвестициялык климатты камсыз кылуу маселелерине арналды.


Конференциянын ишине Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев, Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Алишер Усманов, Түркия Республикасынын Кассациялык сотунун төрагасы Өмер Керкез, Түркия Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Зеки Йигит жана ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.


Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Маргарита Мельникова жана Инара Гилязетдинова, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, ошондой эле Коомчулук, жалпыга маалымдоо каражаттары жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков катышты.


Конференция өз ара урматтоо, ишеним жана конструктивдүү диалог маанайында өтүп, ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын кызматташууну мындан ары чыңдоого жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.


Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири ТМУнун укуктук мейкиндигинде инвесторлордун укуктарын сот аркылуу коргоо болду.


Конференциянын катышуучуларына кайрылган сөзүндө Медербек Сатыев инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүүдө жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууда натыйжалуу соттук коргоо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.


«Көз карандысыз, кесипкөй жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон сот тутуму – инвесторлордун мамлекетке болгон ишениминин негизи. Дал соттор менчик укуктарын коргоону, келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын жана экономикалык талаштарды адилеттүү чечүүнү камсыз кылып, бизнести узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга зарыл шарттарды түзөт», – деп белгиледи Медербек Сатыев.


Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот тутумун кеңири санариптештирүү, электрондук сот өндүрүшүн киргизүү, жарандар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүү жана сот ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.


«Бүгүнкү күндө санариптештирүү жөн гана технологиялык процесс эмес, ал сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун, соттук башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун жана жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанилүү куралы болуп саналат. Ошол эле учурда жасалма интеллект технологияларын колдонуу судьялардын көз карандысыздыгы принцибин сактоо жана сот адилеттигин жүзөгө ашырууда адамдын өзгөчө ролун камсыз кылуу менен жүргүзүлүшү керек», – деди Жогорку соттун Төрагасы.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар сот ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле күн тартибинде ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун сот практикасы менен алмашуу үчүн бирдиктүү онлайн-платформа түзүү демилгеси талкууланды.


Конференциянын катышуучулары ченемдик токтомдорду, сот практикасынын баяндамаларын, аналитикалык материалдарды жана сот актыларын өз ара алмашууга мүмкүндүк бере турган адистештирилген санариптик ресурсту түзүү демилгесин колдошту.


Медербек Сатыев мындай өз ара аракеттенүү механизмин түзүү ТМУга мүчө мамлекеттердин укук колдонуу практикасын жакындатууга, судьялардын ортосундагы кесиптик диалогду өнүктүрүүгө жана түрк мамлекеттеринин сот тутумдарынын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.


Конференциянын жыйынтыгында жогорку соттордун төрагалары Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Анда мыйзам үстөмдүгү, сот бийлигинин көз карандысыздыгы, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо принциптерине берилгендик ырасталып, сот адилеттиги чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдык билдирилди.


Документте ишенимдүү сот тутуму ТМУга мүчө мамлекеттердин инвестициялык жагымдуулугунун негизги факторлорунун бири экени белгиленип, сот ишмердүүлүгүн санариптештирүү сот адилеттигинин сапатын жогорулатуунун, сот жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуунун жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанилүү куралы катары бааланары көрсөтүлгөн.


Мындан тышкары, тараптар улуттук сот тутумдарын өркүндөтүүгө жана Түрк мамлекеттер уюмунун мейкиндигинде жарандар менен инвесторлордун укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылууга багытталган сот органдарынын ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана күч-аракеттерди координациялоо демилгелерин колдошту.


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...