2025-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев өлкөнүн сот системасын өнүктүрүүнүн “Жол картасын” иштеп чыгууга арналган биринчи консультациялык жолугушууну өткөрдү. Иш-чаранын максаты – адилеттүү, натыйжалуу жана жеткиликтүү сот адилеттигин куруу үчүн артыкчылыктуу багыттарды, механизмдерди жана зарыл кадамдарды аныктоо болуп саналат.
«Сот системасын өнүктүрүүнүн стратегиясын түзүү – бул жөн гана техникалык тапшырма эмес. Бул бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин угууга, мыкты эл аралык тажрыйбаларды эске алууга жана ошол эле учурда улуттук өзгөчөлүктөр менен артыкчылыктарды сактоого мүмкүнчүлүк берген маанилүү процесс. Узак мөөнөткө оң натыйжа бере турган эффективдүү чечимдерди издеп табуу зарыл.
Биздин максат – кагаз үстүндөгү “идеалдуу” моделди тандоо эмес, 2025–2027-жылдары ишке ашырууга чын-чынында мүмкүн болгон кадамдар боюнча макулдашууга жетишүү. Анткени судья өз убагында зарыл ресурстарды алып турушу, ал эми жаран сот адилеттигинин реалдуу жыйынтыктарын көрүшү керек», – деп белгиледи Медербек Сатыев.
Бул демилге БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан колдоого алынган. Атайын түзүлгөн жумушчу топту Жогорку соттун төраганын орун басары Шералы Камчыбеков жетектеп жатат.
Жогорку соттун төрагасы көз карандысыз адистер жүргүзгөн алдын ала талдоонун жыйынтыктары менен таанышып, презентацияларды угуп чыкты. Жогорку сотко караштуу Жогорку адилет мектебинин окутуучусу, көз карандысыз эксперт Чынара Мусабекова Кыргыз Республикасынын сотторундагы соттук жол-жоболор менен бизнес-процесстерди баштапкы талдоонун жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди.
Сот системасынын санариптешүүсүнүн учурдагы абалы тууралуу көз карандысыз эксперт Дастан Догоев баяндама жасады. Ал эми эксперттик топтун жетекчиси Алмаз Касымбеков сот администрлөө маселелерине арналган презентацияны сунуштады.
Консультациялык жолугушууга Жогорку сотунун төраганын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургүл Бакирова жана Шералы Камчыбеков, Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрайымы Турсунгүл Чаргынова, Адилет кеңеши боюнча кеңештин төрагасы Айбек Молдакунов жана Сот системасын санариптештирүү боюнча координациялык топтун жетекчиси Инара Гилязетдинова катышты.
Иш-чаранын модератору катары Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов болду.