KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: "Бир карын майды бир кумалак чиритет"

13 декабря 2024

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Базар-Коргон райондук сотуна барганда билдирди.


Төрага сот системасындагы ар бир кызматкер адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана этикалык нормаларды сактоого милдеттүү экенин баса белгилеп, коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтты.


«Бир кызматкердин мыйзамсыз аракети бүтүндөй системанын кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн. Андыктан, ар бириңер өз жоопкерчилигиңерди сезип, таза иштешиңер керек. Бир карын майды бир кумалак чиритет болуп, коррупцияга малынып жаткан көрүнүштөр болуп жатат. Мындан тышкары аппарат кызматкерлери дагы ортомчу болгон учурлар дагы бар. Ушундай  жат көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, фактылар аныкталса катуу чаралар көрүлөт», — деди Медербек Сатыев.


Жолугушууда төрага сот тутумундагы  кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, ар бир кызматкерди өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакыруу зарыл экенин белгиледи.


Ошондой эле төрага сот кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу маселесине токтолуп, Базар-Коргон райондук сотунун имаратынын абалын көрүп чыкты. Аталган соттун  төрагасы  Русланбек Маматкулов  техникалык жабдуулардын жана эмеректердин  эскилигин айтты.


Мындан тышкары  сотко алынып келген айыпталуучуларды кармоочу жай жок экендигин жана балдар бөлмөсү жетишсиз болуп жаткандыгын кошумчалады.


Медербек Сатыев Сот департаменти менен  биргеликте бул маселелерди чечүү үчүн иш-чараларды ыкчам аткаруу тапшырмасын берип, сот адилеттигин жүргүзүүдө элдин ишенимин арттыруу негизги максат экенин баса белгиледи.


Видео-блок

М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту
"Эшиктин тешигинен акча ыргытат деп коркобуз!". Элден сурамжылоо жүрөт". Кара-Колдогу А...
М.Сатыев: "Элди нааразы кылбай, иш сапатыңарды жакшырткыла!". Жети Өгүз райондук соту
М.Сатыев: "Эл сотко жыргаганынан келбейт! Жакшы мамиле кылгыла!" Тоң райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...