KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев соттордун ишиндеги кемчиликтерди жоюуну талап кылды

17 июля 2026

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттордун төрагалары менен онлайн-кеңешме өткөрүп, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин алдын ала жыйынтыктарын талкуулады.


Кеңешмеде сот адилеттигинин сапаты, соттук практиканы жалпылоо, жергиликтүү соттордун жарандар жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле сот имараттарынын абалы, оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшү каралды.


Медербек Сатыев үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта өлкөнүн бардык аймактарында өткөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн калк менен жолугушууларына облустук жана Бишкек шаардык сотторунун төрагалары активдүү катышканын белгиледи. Ошондой эле ал Президент Садыр Жапаровдун Ош жана Нарын облустарындагы жолугушууларында жарандар көтөргөн сот тармагына байланыштуу бардык кайрылууларды талдап чыгууну тапшырды.


Онлайн-кеңешмеде Президенттин 2026-жылдын 30-июнунда Чолпон-Ата шаарында өткөн жалпы республикалык кеңешмеде берген тапшырмаларын аткарууга өзгөчө көңүл бурулду. Анын алкагында мыйзам бузуулардын алдын алуу, укук колдонуу практикасын өркүндөтүү жана жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоо максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий чөйрө жана башка кызыкдар тараптар менен эксперттик аянтчаларды жана тегерек столдорду туруктуу өткөрүү милдети коюлду.


Төрага ошондой эле сотторго келген жарандардын QR-код аркылуу берилген пикирлерин үзгүлтүксүз талдап туруунун маанисине токтолду. Анын айтымында, 2025-жылы 783 жарандан 2 миң 748 сунуш-пикир түшсө, 2026-жылдын июнь айына карата 734 жарандан 2 миң 882 сунуш жана кайрылуу катталган.


«Бул механизм жарандардын кайрылууларын чогултуу менен эле чектелбестен, сот тутумун башкаруунун маанилүү куралы болуп калды. Бул көрсөткүчтөр жарандык активдүүлүктүн өсүп жатканын айгинелейт», — деди Медербек Сатыев.


Кеңешмеде сот отурумдарын онлайн-трансляциялоо маселеси да талкууланды. Маалыматка ылайык, март-июнь айларында онлайн көрсөтүүгө 412 сот процесси пландалганы менен тараптардын макулдугуна ылайык алардын 142си гана түз эфирде көрсөтүлгөн. Учурда өлкөдөгү 72 соттун 25инде гана бул технология колдонулууда. Буга байланыштуу төрага онлайн-трансляцияларды кеңейтүү жана техникалык шарттарды толук камсыз кылуу боюнча тапшырма берди.


Ошондой эле Медербек Сатыев соттук практиканы өркүндөтүү жана мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирип, жалпылоо иштеринин сапатын жогорулатууну талап кылды.


«Жалпылоонун негизги максаты  мыйзамдарды колдонууда жаралган көйгөйлөрдү аныктоо, соттук практиканын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жана кетирилген кемчиликтерди жоюу. Бул жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн арттырып, сот бийлигине болгон ишенимди бекемдейт», — деп белгиледи ал.


Жыйындын жүрүшүндө Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев өлкөдөгү сот имараттарынын курулушу жана капиталдык оңдоо иштери тууралуу маалымат берди. Кеңешменин соңунда Медербек Сатыев соттордун жаңы имараттарын куруу жана пайдаланууга берүү боюнча так график иштеп чыгууну тапшырды.


«Соттун жаңы имараты  жөн гана административдик объект эмес. Ал сот адилеттигинин, мыйзамдуулуктун жана мамлекеттүүлүктүн символу болушу керек»,  деди Жогорку соттун төрагасы.


Жыйындын соңунда сот имараттарын долбоорлоонун жаңы курулуш нормалары күчүнө киргени белгиленип, бардык жаңы объекттер бекитилген стандарттарга толук жооп берүүгө тийиш экени баса көрсөтүлдү.


Булак: Эркин-Тоо — https://erkin-too.kg/https-erkin-too-kg-wp-admin-post-phppost103600actionedit/


Видео-блок

Сот системасы кескин өзгөрүүгө муктаж. Жогорку сот 6 айдын жыйынтыгын чыгарды
Манас шаардык сотунун судьясы эл аралык конференцияда Кыргызстандын тажрыйбасын тааныш...
Мен судья: Судьянын эң башкы сапаты – калыстык жана адилеттүүлүк
Аксы райондук соту жогорку көрсөткүчтөргө кантип жетишти? Ийгиликтин сыры эмнеде?
Жаңы электрондук система судьяларды кантип тандайт? Жаңы платформасы тесттен өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...