KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев сотторго дагы бир тапшырма берди

25 января 2025

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сокулук райондук сотунда болду.


Жогорку соттон билдиришкенде, төрага элдин сотторго көз карашы салкын болуп жаткандыгын айтып, сот актылары тараптарга өз убагында берилбей жаткандыгын айтты.

Сотко келген тараптарга орой мамиле жасалып, өз учурунда көчүрмөлөрү берилбей жаткандыгын сынга алды.


“Мамлекет башчысы тарабынан сотторго жетишээрлик көңүл бурулуп жатат. Соттордон бир гана адилеттүүлүк талап кылынып жатат. Бирок, соттордон кайтарым болбой жатат. Тескерисинче кармалып жатышат”,- деди Сатыев.


Сокулук райондук сотунун төрагасы Абдуразак Боромбаев учурда аталган райондук сотто 11 судья эмгектенип, ар бир цивилист судьяга 100дөн ашык иштерди кароо туура келип жаткандыгын айтты.


Медербек Сатыев аталган райондук соттун архивине кызыгып, иштер электрондук архивке өтө электигине нааразы болду.


“Каралган иштер электрондук архивке өтүшү керек эле. Силер болсо топтоп отурасыздар. Электрондук архивке өткөрүү тапшырмасы 2021-жылы эле берилген. Андыктан, тез арада элетрондук архивке өткөрүшүңөр керек”, — деп белгиледи Медербек Сатыев.




Медербек Сатыев сотторго дагы бир тапшырма берди




Видео-блок

Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...
Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...