KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев иш сапарынын алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна барды

23 января 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 23-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев иш сапарынын алкагында Ысык-Ата райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты.


Төрагага сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаттык көрсөткүчтөрү, ошондой эле соттун административдик имаратынын канааттандырарлык эмес абалы жөнүндө маалымат алды. Имаратта иш кабинеттеринин жана архивдик жайлардын жетишсиз экени белгиленди. Ошондой эле соттук актыларды аткаруу көлөмү тууралуу маалымат сунушталып, ал 42% түзгөнү айтылды. Соттук актыларды аткаруунун төмөн көрсөткүчтөрүн угуп,  Жогорку соттун төрагасы кемчиликтерди жоюуну талап кылды.


Сот аткаруучулардын ишмердүүлүгү тууралуу бардык мажбурлоо алып келүүлөр толук көлөмдө аткарылганы маалымдалды.


Жыйындын жүрүшүндө Жогорку соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов судьяларды жазык мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү тыкыр көзөмөлдөөгө жана этият болууга чакырды. Судья Айбек Молдакунов биринчи инстанциядагы соттордун чечимдерин жокко чыгарууга алып келген каталардын көп кездешкен мисалдарын келтирип, судьяларды бирдиктүү соттук практиканы иштеп чыгууга умтулууга чакырды.


Иш сапардын соңунда Медербек Сатыев аталган райондук соттун  ар бир иш бөлмөсүн карап, кызматкерлердин иш шарттары менен таанышты. Андан соң ал Ысык-Ата райондук сотунун жаңы административдик имаратын куруу пландалып жаткан участокко  барды. Аймакты кыдыруу учурунда Сот департаментинин  Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Ачикеевге курулуш иштерин баштоону камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.


Видео-блок

Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...