KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Cотко кайрылган жарандарга шарт түзүлүшү керек

04 декабря 2024

Бул туураcында  бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында,  Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор райондук сотуна барган учурда билдирди.


Кочкор райондук сотунун төрагасы Өмүрбек Сарыбаев сот ишиндеги көйгөйлөр жана жетишилген оң өзгөрүлөр тууралуу кенен айтып берди. Тактап айтканда, бөлүнгөн имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгы курч экендиги белгиленди. Сот департаментинин башчысы жаңы административдик имараттын сметасын жана долбоорун даярдо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.


Медербек Сатыев сот серверинин техникалык талаптарга жооп бербеген абалына көңүл буруп, жыл аягына чейин аны талаптарга ылайык келтирүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.


Мындан тышкары, жакынки күндөрү жарандардын муктаждыктарын жана талаптарын аныктоо үчүн QR-код аркилуу анкета толтуруу боюнча маалымат камтылган стенд орнотулары маалымдалды. Сурамжылоонун мындай ыкмасы  финансылык каражаттарды талап кылбастыгы айтылып,  пилоттук долбоорлор соттордун ишинин сапатын жана эффективдүүлүгүн жогорулатууда натыйжалуулугун көрсөткөнү түшүндүрүлдү.


Иш сапардын жүрүшүндө төрага соттун иши менен таанышып, архивдеги иштердин сакталуу шарттарын карап чыкты.


Белгилей кетсек, Жогорку соттун төрагасын иш сапарда Жогорку сотун судьясы Маргарита Мельникова,  төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров жана Сот департаментин облустук башкармалыгынын башчысы Адилет Чакиев коштоп жүрүшөт.


 



Видео-блок

Уңгужол боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду
Калыс сот – элдин тиреги | Талас | Чүй
Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...