KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Талас шаарындагы жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушуна мезгил кутусун салды

06 августа 2026

2026-жылдын 6-августунда Талас облусунун Талас шаарындагы жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушуна мезгил кутусун (капсуласын) салуу аземи болуп өттү.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, Талас облусунун сотторунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жана мамлекеттик органдардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.


Өз сөзүндө Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушу өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот реформаларынын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.


Ал акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен сот системасынын инфраструктурасын жаңылоо багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтып, өлкөнүн бардык аймактарында жаңы сот имараттары курулуп, колдонуудагы имараттар капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатканын белгиледи.


Төраганын айтымында, Талас шаарында курула турган жаңы Сот адилеттик үйүндө жергиликтүү соттор, Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы, сот приставдары жана башка тиешелүү кызматтар бир имаратка жайгашып, өз ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайык жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.


Медербек Сатыев жаңы имарат биринчи кезекте жарандардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кыларын белгилеп, сотко кайрылган ар бир адам үчүн ыңгайлуу, жеткиликтүү жана ачык-айкын шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун билдирди.


Ошондой эле ал мезгил кутусун салуу аземи өлкөнүн сот системасын мындан ары өнүктүрүүгө болгон умтулуунун жана келечекке болгон ишенимдин символу экенин баса белгиледи.


Андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөз сүйлөп, сот системасын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын маанисине токтолушту.


Расмий бөлүктөн кийин Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев жана иш-чаранын катышуучулары жаңы административдик имараттын пайдубалына мезгил кутусун салышты.


Иш-чаранын соңунда меймандарга жаңы Сот адилеттик үйүнүн архитектуралык долбоору тааныштырылып, курулуш иштеринин этаптары жана имараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.


Жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушу сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө, сот органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандар үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда.


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...