KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Москва райондук сотунун имараты  тез арада курулушу керек

24 января 2025

Бул туурасында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусунун Москва райондук сотуна барганда билдирди.


Анткени, Москва райондук  сотунун төрагасы Кубатбек Дубанаев  сот имараты талапка жооп бербей тургандыгын айтты.


Райондук  соттун төрагасы  учурда 7 судья жана 29 аппарат кызматкери эмгектенип жатышкандыгын билдирди.


Эки ваканттык орун бош болгондуктан, судьялар жетишсиз экендигин айтып, учурда  судьялардын жүктөмү көп болуп жаткандыгын айтты.


Мындан тышкары Москва райондук сотунун имараты 70-жылдары курулгандыктан, эскилиги жетип, жыл сайын ремонт иштери жасалып тураарын маалымдады.


Кубатбек Дубанаевдин айтымында, аталган сотто архив тар, эки гана сот отурум залы бар,  жашыруун материалдарды сактай турган жана  жашы жете элек өспүрүмдөр үчүн бөлмөлөр жетишсиз экендигин билдирди. Жактоочулар үчүн дагы бөлмө каралган эмес.


Сот приставдары үчүн  көзөмөлдөө- өткөрүү  пункту жок экендигин дагы кошумчалады.


Бул боюнча Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын  башчысы Эмилбек Ачикеев жаздын келиши менен жаңы имарат куруу иштери баштала тургандыгын белгиледи.


Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев элдин сотторго болгон ишенимин арттыруу үчүн,  иштерди өз убагында карап, мөөнөттөрүн создурбоого чакырды.


Судьяларды адилеттүү, мыйзамдуу жана негиздүү чечимдерди кабыл алып, бирдиктүү соттук практиканы жүргүзүүнү тапшырды.


Видео-блок

Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...
“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужол. Ош облусунун жергиликтүү соттору уюштурган и...
Алдамчыларга ишенип, 100 миң долларлык үйүнөн айрылган жаран туурасында соттук отурум

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...