Баңгикылмыштуулугуна каршы күрөшүү боюнча эл аралык эксперт, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү Александр Зеличенконун маеги жарык көрдү. Анда ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Кенешбек Токтомамбетов менен бирге окуган жана кызмат өтөгөн жылдары тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшкөн.
Журналисттер менен болгон маегинде Александр Зеличенко Кенешбек Божокоевичтин көп жылдык эмгек жолундагы жогорку кесипкөйлүгүн, принципиалдуулугун жана судьялык милдетине болгон берилгендигин өзгөчө белгилеп өттү.
Муну менен катар, өзүнүн адабий чыгармачылыгы тууралуу суроолорго жооп берип жатып, «Шилом бритый» аңгемесинин негизин 1978-жылдагы курсанттык практикасынан алынган реалдуу окуя түзгөнүн айтты. Фрунзе шаарынын Свердлов ИИБде кызмат өтөө учурунда жаш практикант Кенешбек Токтомамбетов жетекчиликтин кысымына карабай, процессуалдык мыйзам бузуулардан жана кылмыш ишинин материалдарын бурмалоодон чечкиндүү түрдө баш тартып, бекем укуктук позициясын көрсөткөн.
«Кенешбек Божокоевичти билгендердин бардыгы аны дайыма терең урматтоо менен кабыл алышат. Анын бийиктик инсандык сапаттары, сабырдуулугу, кунт коюп уга билгени жана адамдарга болгон сый-урматы ар дайым өзгөчө бааланып келген. Ал чоң мектептен өттү: тергөөдө, партиялык органдарда, прокуратурада жана сотто эмгектенди. Бул зор практикалык тажрыйбасы аны талашсыз кадыр-баркка айландырды», — деди Александр Зеличенко маегинде.
Ошондой эле басылмада муундар ортосундагы мурастуулук, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлерин колдоодо үй-бүлөнүн өзгөчө орду, мамлекеттик антка берилгендик, ошондой эле улуттук юриспруденциянын көрүнүктүү өкүлдөрү тууралуу тарыхый эскерүүлөр туурасында маанилүү темалар кеңири чагылдырылган.
http://www.literatura.kg/articles/?aid=1993

