KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Мирбек Сатарбек уулу ШКУга мүчө мамлекеттердин юридикалык жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын форумуна катышты

12 июня 2026

2026-жылдын 12-июнунда Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Мирбек Сатарбек уулу Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин юридикалык жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын «ШКУнун демилгелерин ишке ашырууда юридикалык жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын ролу» аттуу форумуна катышты.


Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин сот органдарынын өкүлдөрү, юридикалык коомчулуктун мүчөлөрү, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышып, укуктук кызматташууну өнүктүрүү, юридикалык билим берүүнү өркүндөтүү жана укук жаатындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо маселелерин талкуулашты.


Форумдун алкагында инвестициялык кызматташтыкты укуктук жактан камсыз кылуу маселелерине, анын ичинде аймактагы мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон жер казынасын пайдалануу тармагына өзгөчө көңүл бурулду.


Иш-чаранын жүрүшүндө Мирбек Сатарбек уулу «Чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусундагы жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жарандык-укуктук талаштар» темасында баяндама жасады.


Ал өз сөзүндө жер казынасын пайдалануу тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда келип чыккан жарандык-укуктук талаштарды кароонун актуалдуу маселелерине токтолуп, инвестициялык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын укуктарын натыйжалуу соттук коргоону камсыз кылуунун жана жагымдуу инвестициялык климатты калыптандыруунун маанисин белгиледи.


Форумдун катышуучулары эл аралык укуктук кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн, тажрыйба жана мыкты практикаларды алмашуунун, ошондой эле сот адилеттиги, юридикалык билим берүү жана инвестициялык процесстерди укуктук жактан коштоо багыттарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.


 


Видео-блок

УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти
Турсунгул Чаргынова дала интервью в прямом эфире Биринчи радио
Доклад Н.Бакировой на форуме «Административная юстиция и её роль в обеспечении верховен...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...