KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыевдин Ош облусуна болгон иш сапары башталды

18 декабря 2024

Бүгүн,  2024-жылдын 18-декабрында,  Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ош облусуна болгон иш сапарын Ноокат райондук сотунан баштады.


Жумушчу сапарында төраганы Жогорку соттун судьясы Маргарита Мельникова жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов коштоп жүрүшөт.


Ал эми Медербек Сатыевди Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жана Ноокат райондук сотунун  төрайымы Чынара Ибраева, ошондой эле Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов тосуп алышты.


Жогорку сот органынын башчысы сот кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, анда бир катар маанилүү маселелер козголуп, негизги көңүл сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатына бурулду. Судьялардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу тууралуу тактоочу суроолор Жогорку соттун судьясы Маргарита Мельникова тарабынан берилип, ал көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча сунуштарын да берди. Медербек Сатыев соттук актылардын жокко чыгарылышынын, өзгөртүлүшүнүн себептерине көңүл буруп, Ош облустук сотунун төрагасына соттук практиканы жалпылоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын берди.


Чынара Ибраева  Жогорку соттун төрагасына Ноокат райондук сотунун ишмердүүлүгү, архивдин абалы, сот аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясы боюнча кеңири маалымат берди.


Кеңешменин жүрүшүндө соттун бир нече көйгөйлөрү белгиленди, алардын ичинен эң актуалдуусу имаратка кошумча куруу зарылдыгы болду, анткени имарат тартыштыгынын курч көйгөйү бар. Ошондой эле тышкы көзөмөл камералары жок экени аныкталды. Сот департаментинин облустук башкармалыгынын башчысына кыска мөөнөттө сырткы байкоо камераларын орнотуу жана имаратты жылытуу маселесин тез арада чечүү тапшырылды. Медербек Сатыев Сот департаментинин облустук башкармалыгынын башчысын шалаакы мамилеси үчүн сындап, мындан ары жылытуу мезгилине даярдыкты жайдан баштоо керек экендигин  тапшырды.


Мындан тышкары, Жогорку сот органынын башчысы калк менен жетиштүү иш жүргүзбөй жатканына нааразы болуп, сот приставдарынын үч бош кызмат орду бар экенине нааразы болуп, кадрлардын резервдик тизмеси менен иштөөнү Динислам Кожоакматовго тапшырды.


Мындан тышкары Ноокат райондук сотунун төрайымына  боштуктарды жоюу жана 2006-жылдан бери соттун архивин иштеп чыгуу тапшырылды.


Чынара Ибраева сотко кайрылгандардын жана сот процессинин катышуучуларынын арасында QR код аркылуу онлайн-сурамжылоо жүргүзүүнүн оң тажрыйбасын өзүнчө белгиледи. Бул ыкма жарандардын муктаждыктарын кыйла толук ачууга жана аныкталган кемчиликтердин  үстүнөн иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ал олуттуу каржылык салымдарды талап кылбайт.


Эскерте кетсек, буга чейин «Укук булагы» USAID  долбоорунун техникалык жардамы менен сурамжылоо үч сотто жүргүзүлгөн: Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту, Ош облусунун Ноокат райондук соту жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук соту.


Видео-блок

МЕН СУДЬЯ. “Сот чыгарган чечимин түшүндүрүп берүүсү керек” - Аида Апысова
МЕН СУДЬЯ. Темирбек Ибраимов: "Бул менин сүйүктүү кесибим"
Биздин максат – адилет, ачык, калыс сот бийлигин түзүү. Жаңы жылдык куттуктоо.
Сот приставдарына жаңы автоунаалар берилди
М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...