KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү түшүндүрдү

17 июля 2026

Turmush — Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Нарын облустук сотунун судьясы Эмилбек Каипов билдирди.


Анын айтымында, мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр кылмыштардын кайталанышына бөгөт коет.


«Аталган мыйзам уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана кылмыштарды кайталап жасаган адамдарга карата жоопкерчиликти катаалдаштыруу максатына багытталган. Ошондой эле, кылмыштардын рецидиви институтун кайтарып берүү максатын көздөйт. Мыйзам менен бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.


Атап айтсак, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине төмөнкүдөй ченемдерди бекитүү менен:


— рецидивде жана коркунучтуу рецидивде кылмыш жасаган адамдар жазасын катуу режимдеги түзөтүү абактарында өтөйт (73-берененин 6-бөлүгү);


— өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыш жасаган адамдар жазасын өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында өтөйт (73-берененин 7-бөлүгү);


— кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылууга, түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилүүгө жатпайт (76-берененин 5-бөлүгүнүн 2-1-пункту);


— кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде соттолгондор башка соттолгондордон бөлөк кармалат (79-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пункту);


— коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондорго кайтарылган аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүгө тыюу салынат (96-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту);


Ошондой эле, Кылмыш-жаза кодексине кылмыштардын рецидиви жөнүндө түшүнүк (21-1-берене) киргизилди. Эгерде адам атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга мурда соттолгон болсо, ал соттуулугу бар адам тарабынан атайылап кылмыш жасоо кылмыштардын рецидиви деп таанылат«», — деди ал.


Сот буга ката эле кылмыштардын рецидиви кандай учурда өзгөчө коркунучтуу рецидив болуп эсептелерин айтып берди. Кылмыштардын рецидиви өзгөчө коркунучтуу деп каралган 3 учур белгиленген.


биринчи учур — адам атайылап кылмыш жасаган учурда, эгерде бул адам оор кылмыштар үчүн үч же андан көп жолу эркиндигинен ажыратууга мурда соттолгон болсо;

экинчиден — адам оор кылмыш жасаган учурда, эгерде ал мурда оор кылмыш үчүн үч жолу соттолгон болсо же өзгөчө оор кылмыш үчүн 2 жолу соттолгон болсо;

үчүнчүдөн— адам өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда, эгерде ал өзгөчө оор кылмыш үчүн мурда соттолгон болсо, өзгөчө коркунучтуу рецидив деп таанылат.

Эмилбек Каипов кылмыштардын рецидивин таанууда эске алынбаган жагдайларга да токтолду.


«Кылмыштардын рецидивин таанууда атайылап жасалган анча оор эмес кылмыштар үчүн соттуулук, 18 жашка чейинки курактагы адам тарабынан жасалган кылмыштар үчүн соттуулук, ошондой эле, эгерде пробация же өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу жокко чыгарылбаса жана адам жазаны өтөө үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларына жиберилбесе, ал боюнча пробациялык көзөмөл (пробация) колдонулган же болбосо, өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу берилген кылмыштар үчүн соттуулук, ошондой эле, ушул кодекстин 95-беренесинде белгиленген тартипте алып салынган же жоюлган соттуулук; адамга эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жаза дайындалган кылмыштар үчүн соттуулук кылмыштардын рецидивин таанууда эске алынбайт», — деди ал.


Мындан тышкары мыйзамга дагы кандай өзгөртүүлөр киргизилгени белгилүү болду.


«Кылмыш-жаза кодексине дагы бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.


Тактап айтканда:


— мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызматы боюнча милдеттерди аткаруу жөнүндөгү 50-беренесине эскертүү киргизилди. Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштардын коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасаган же болбосо ушул кодекстин 312-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган адам ушул берененин 1-бөлүгү боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш эмес (57-берененин 2-бөлүгү);


— эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөгөн жана рецидивинде же коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасагандыгы үчүн кайрадан соттолгондорго катуу тартиптеги түзөтүү абактарында жазаны өтөөнү дайындоо бекитилди (67-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пункту);


— кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасаган кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында жазаны өтөөнү дайындоо киргизилди (67-берененин 4-бөлүгүнүн 3-пункту);


— кылмыштардын рецидивинде кылмыш жасоону жазаны оордотуучу жагдай деп таануу (74-берененин 1-бөлүгүнүн 1-1-пункту) каралды;


— кылмыштардын рецидивинде жазаны дайындоонун тартиби киргизилди (75-1-берене); коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивде жасалган кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга пробациялык көзөмөлдү колдонууга тыюу салуу (82-берененин 2-бөлүгүнүн 1-1-пункту) киргизилди;


— кылмыштардын рецидивинде жасаган кылмыштар үчүн соттолгон адамга жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонууга тыюу салууну киргизди (89-берененин 4-1-пункту);


Ошондой эле жасалган кылмыштарга жаза белгилөөдө рецидив институтун киргизүү менен жазалардын санкциясы күчөтүлдү. Рейдерлик (226-берене), бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөдөн качуу (241-берене), бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар (327-берене), экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо (331-берене) кылмыштарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү киргизилди.


262-берененин 1-бөлүгүнүн диспозициясын кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыштарды жасоо шарты менен тактоо каралган.


Ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 346-берененин 1-бөлүгүнүн 5-1-пунктунда айыпталуучунун аракеттеринде кылмыштардын рецидивин моюнга алуу үчүн негиздер бар экендигин текшерүү менен өкүм чыгарууда сот чече турган маселелердин тизмеси толукталган.


Жалпысынан айтканда, мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр кылмыштардын кайталанышына бөгөт коюуга, кылмыш-жаза мыйзамдарын натыйжалуу колдонууга жана өлкөдө мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган«», — деди Каипов.


https://www.turmush.kg/news:787745


Видео-блок

Манас шаардык сотунун судьясы эл аралык конференцияда Кыргызстандын тажрыйбасын тааныш...
Мен судья: Судьянын эң башкы сапаты – калыстык жана адилеттүүлүк
Аксы райондук соту жогорку көрсөткүчтөргө кантип жетишти? Ийгиликтин сыры эмнеде?
Жаңы электрондук система судьяларды кантип тандайт? Жаңы платформасы тесттен өтүүдө
М. Сатыевдин тапшырмасынын изи менен | Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу сот имараттарынын у...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...