KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды

11 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда төрага Медербек Сатыевдин катышуусунда  Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов  жана Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары  депутаты Карим Ханджеза Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы судьялары Нурбек Эсеналиев менен Бакыт Усубалиевди  жалпы жамаатка тааныштырды.


Белгилүү болгондой,  кечээ 2025-жылдын 10-апрелинде,  Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Нурбек Эсеналиев менен Бакыт Усубалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына дайындоого макулдук беришип, судьялар ант беришкен. Жаңы судьялар курагынын чегине жеткенге чейин  шайланышты.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна эки жаңы судьянын дайындалышы менен судьялардын жалпы саны 35ке жетти. Ошентип, өлкөнүн жогорку сот органындагы судьялар корпусу толук курамда болду.


Жаңы судьяларга кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтер айтылып, жамаатка жогорку квалификациялуу, компетенттүү жана өз ишине берилген адистер келгендиги  кошумчаланды.



Видео-блок

Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты
Калыс сот – элдин тиреги | Чүй облусу
Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...