KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Адвокат болуу ар бир адамдын колунан келе бербеген чоң сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү кызмат

01 марта 2025

Бул туурасында бүгүн,  2025-жылдын 1-мартында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жүз жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада   билдирди.


“Адвокат болуу ар бир адамдын колунан келе бербеген чоң сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү кызмат.


Адвокат — акыйкаттын үнү, мыйзамдын коргоочусу. Адвокат- бул жөн гана кесип эмес, бул ар бир күнү акыйкат үчүн күрөшкөн адам.


Адвокаттар юридикалык жардам көрсөтүү аркылуу биздин коомдо укуктук туура аң-сезимди калыптандырууда, инсандык сапаттарды өстүрүүдө чон ролду ойнойт»,- деп белгиледи Нургуль Бакирова.


Ошондой эле адвокаттар соттук териштирүүлөрдө тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштык принцибин камсыз кылуу менен сот адилеттигин ишке ашырууга олуттуу салым кошуп жатканы белгиленди.


Бийлик бутагынын бири болгон сот тутумунун адилеттүүлүктү ишке ашырууда дагы адвокаттардын салымы чоң, процессуалдык жак катары алар жарандык, кылмыш жана административдик иштердин каралуусунда укуктардын теңдиги жана атаандаштык башталышта иш алып барышат.


Сот бийлиги менен адвокатуранын ортосунда өз ара байланыш жогорку деңгээлде болгонун тийиштүү иш-чаралар жана меморандумдар тастыктайт.


Алардын бири болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум эсептеле тургандыгын Жогорку соттун төрагасынын орун басары айтып өттү.


«Бул меморандумдун негизги багыты катары жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча тараптардын кызматташуусу, юридикалык коомчулуктун дараметин жогорулатуу, юридикалык кесиптин өкүлдөрү үчүн кесиптик жактан багытталган практикалык тренингдерди өткөрүү, биргелешкен иш-чараларды координациялоо жана өз убагында маалымат алмашуу, юридикалык коомчулуктун муктаждыктарын аныктоо көрсөтүлгөн.


Ошону менен бирге адвокатуранын өкүлдөрү сот бийлиги тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамына да киргенин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумдарында да активдүү  катышып келгенин баса белгилеп кетүү зарыл”,- деп билдирди Нургуль Бакирова.


Иш-чарага ошондой эле Жогорку соттун судьясы Аида Сейдакматова, Чүй облустук сотунун судьясы Бермет Толубаева жана Конституциялык соттун судьялары Чинара Айдарбекова жана Карыбек Дуйшеевдер катышышты.


Видео-блок

Эми ар бир жаран соттордун тейлөө сапатын баалай алат
М. Сатыев ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту
Президент: "Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот". Кыргыз Республикас...
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайы болуп өттү. Үч жылда эмнелер аткарылды?
Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...