KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Кыргыз аял-судьялар ассоциациясынын жылда өтүүчү VII конференциясына катышты

10 декабря 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 10-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова “Соттордун көз карандысыздыгынын деңгээлин жогорулатуу коррупция менен күрөшүүнүн бир жолу катары” деген темада Кыргыз аял-судьялар ассоциациясы коомдук бирикмесинин жылда өтүүчү VII конференциясына катышты.


Төрайым өз сөзүндө белгилегендей, соттордун көз карандысыздыгы жана коррупция маселеси көп жылдар бою актуалдуу бойдон калууда. Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында бир катар көйгөйлөрдү чечүү пландалып жатканын: укуктук, уюштуруучулук, башкаруучулук жана моралдык-этикалык маселелердин ичинен соттордун көз карандысыздыгы жана коррупцияга каршы күрөш эң приоритеттүү экенин, ал бири-бири менен тыгыз байланышта жана бири-биринен обочолонуп кароого болбой тургандыгын белгиледи.


«Соттордун көз карандысыздыгы демократиянын орношуна жана адам укуктарынын сакталышы үчүн абдан маанилүү. Бул мыйзам үстөмдүгүнүн фундаменталдык компоненттеринин бири, эркиндиктин, адам укуктарынын сакталышынын жана мыйзамды калыс колдонуунун кепилдиктеринин бири. Социалдык-укуктук табиятынан улам сот бийлигинин көз карандысыздыгынын деңгээли мамлекеттик бийликтин башка бутактарына салыштырмалуу жогору болууга тийиш, анткени демократиялык укуктук мамлекетте мыйзам үстөмдүгү жогорку бийлик, тиешелүүлүгүнө жараша сот бийлиги, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, объективдүү жана калыс болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн башкалардын таасирлеринен алыс болушу керек”, — деп белгиледи Нургуль Бакирова.


Эки күнгө созула турган конференцияга Кыргыз Республикасынын судьялары, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен ведомстволордун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышууда.


Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар сессияларда бир нече актуалдуу темаларды жана маселелерди карашат: «Коррупция мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар боюнча мыйзамдуулук жана сот адилеттигин ишке ашыруу», коррупциялык кылмыштарды кароонун эл аралык тажрыйбасы, соттордун көз карандысыздыгын жогорулатуу боюнча Кыргыз аял-судьялар ассоциациясынын долбоорлорунун жыйынтыктарына сереп салуу. Иш-чаранын соңунда аталган бирикменин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу болуп, Ассоциациянын Аткаруучу органынын отчетунун презентациясы берилди.


Видео-блок

Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"
Нургуль Бакирова «Манас» университети менен соттордун илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн...
Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башчысы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...