KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Түркия Республикасында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

07 мая 2025

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова башында турган кыргыз делегациясы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун конференциясына катышууда.


2025-жылдын 6-май күнү Түркия Республикасынын Анталья шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жогорку сотторунун төрагаларынын конференциясынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.


Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун катышуусунда Түркия Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Өмер Керкез, Түркия Республикасынын Жогорку административдик сотунун төрагасы Зеки Йигит жана Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун административдик иштер боюнча сот коллегиясынын төрагасы Аслан Тукиев менен сүйлөшүүлөр болду.


Жолугушууларда Нургуль Бакирова белгилегендей, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн укуктук тутумдарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп келет. Атап айтканда, Кыргызстан менен Түркияны көп жылдык достуктун жана бир туугандыктын бекем байланышы бириктирет. Элибиз ар дайым бири-бирин колдоп келген жана бүгүн бул байланышты жылдан жылга чыңдалып жаткандыгына күбө болуудабыз. Өзгөчө эл аралык аянтчалардын алкагында түзүлгөн сот системалары ортосундагы диалог региондук укуктук интеграцияны бекемдөөнүн маанилүү механизми болуп саналат.


Видео-блок

Жаңы электрондук система судьяларды кантип тандайт? Жаңы платформасы тесттен өтүүдө
М. Сатыевдин тапшырмасынын изи менен | Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу сот имараттарынын у...
"Сот системасы бүгүн...". Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы | Жыпар Сабырова менен ...
Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24
Баткен облусундагы эл менен жолугушууларда сотторго жарандык, жер маселелер боюнча кай...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...