Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын делегациясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги алдында Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясынын ишине катышууда. Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова жана башка жогорку кызматтагы өкүлдөр бар.
Делегация «Аялдардын абалы боюнча төртүнчү Бүткүл дүйнөлүк конференциянын жыйынтыктары жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйырма үчүнчү атайын сессиясынын натыйжалары боюнча кийинки чаралар» темасында өткөн жалпы дебаттарга катышты.
Мындан тышкары, Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 70-сессиясынын алкагында аялдарга жана кыздарга карата зомбулук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрүлөрү күтүлүүдө.
Өз сөзүндө Нургуль Бакирова аялдар менен кыздардын сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктарынын бири бойдон кала берерин белгиледи. Ал эркектер менен аялдардын тең укуктуулугу мыйзам жүзүндө бекитилгенине карабастан, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да аялдар жана кыздар бир катар системалык тоскоолдуктарга туш болуп жатканын баса белгиледи. Бул тоскоолдуктар комплекстүү мүнөзгө ээ болуп, экономикалык, географиялык, маалыматтык жана социалдык-маданий факторлорду камтыйт.
«Улуттук деңгээлде гендердик теңчиликти камсыз кылууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган бир катар мыйзам актылары иштеп жатат. Алардын катарына «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзам жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзам кирет.
Соттук статистиканын маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 1196 иш каралган, бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик 24 пайызга көп. Бир жагынан, бул маселенин актуалдуулугу сакталууда экенин көрсөтсө, экинчи жагынан укук бузууларды аныктоо деңгээлинин жогорулаганын жана жарандардын сот тутумуна болгон ишениминин өсүп жатканын айгинелейт.
Маанилүү стратегиялык документтердин бири — 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия болуп саналат. Ал мыйзамдарды мындан ары өркүндөтүүнү, коргоонун институционалдык механизмдерин чыңдоону, аялдардын коомдук-саясий турмушка катышуусун кеңейтүүнү жана алардын экономикалык көз карандысыздыгын колдоону карайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары.
Белгилей кетсек, гендердик теңчилик маселелерине арналган эң ири жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык форумдун ишине дүйнөнүн 107 мамлекетинен өкүлдөр катышууда. Иш-чара 19-мартка чейин уланат. Быйылкы сессиянын темасы — «Бардык аялдар жана кыздар үчүн сот адилеттүүлүгүнө болгон жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана бекемдөө».

