KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медиация институтун өнүктүрүүгө багытталган үч тараптуу меморандумга кол коюлду

07 июля 2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда соттон тышкаркы тартипте талаш-тартыштарды жөнгө салуу механизмдерин өнүктүрүү жана укуктук коомду чыңдоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын төрайымы Гүлсина Кожоярова жана Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн сот адилеттиги тутумун өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулап, өзгөчө медиация институтун жайылтуу жана элдештирүү жол-жоболорунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.


Жогорку соттун Төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков өз сөзүндө Жогорку сот талаш-тартыштарды альтернативдүү жол менен жөнгө салуу институттарын өнүктүрүүнү ырааттуу колдоп келерин белгиледи.


«Биз медиация институтун сот тутумуна альтернатива катары эмес, жогорку натыйжалуу укуктук механизм катары карайбыз. Ал тараптарга өз ара урматтоо принциптеринин негизинде талаш-тартышты жөнгө салууга, өнөктөштүк мамилелерди сактап калууга, убакытты жана финансылык чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондуктан сот тутуму бул багытта бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү кызматташууга ар дайым даяр», — деп билдирди  Шералы Камчыбеков.


Жолугушууда ошондой эле 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиндеги өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулуп, алар медиация институтун мындан ары өнүктүрүүгө жана элдештирүү жол-жоболорунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталгандыгы белгиленди.


Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын төрайымы Гүлсина Кожоярова жаңы мыйзамдык нормаларды ишке ашырууда судьялар корпусу менен медиаторлордун тыгыз кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп, бул багыттагы биргелешкен практикалык иштерге даяр экендигин билдирди.


Иш-чаранын соңунда тараптар меморандумду ишке ашыруу талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун натыйжалуу системасын калыптандырууга, мыйзам үстөмдүгүн чыңдоого, жарандардын укуктарын ишенимдүү коргоого жана сот адилеттигине болгон коомдук ишенимди арттырууга олуттуу салым кошоруна ишеним билдиришти.


Видео-блок

"Сот системасы бүгүн...". Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы | Жыпар Сабырова менен ...
Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24
Баткен облусундагы эл менен жолугушууларда сотторго жарандык, жер маселелер боюнча кай...
М. Алиев: “Судьялар мыйзамга гана таянып иштөөгө милдеттүү!”
ЭлТР: Соттордун судьялык кызматына резерв түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...