KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосу

07 ноября 2024

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!


Сиздерди Маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Алгачкы басылма болгон “Эркин Тоо” гезитине быйыл 100 жыл толуп отурат. Аталган гезит кыргыз журналистикасынын башаты гана эмес, элдин үнүн жеткирип, тарыхый учурларды чагылдырган алгачкы маалымат булагы болуп саналат. Демек, кыргыз журналистикасы бүтүндөй бир кылым жолду басып, ушул күнгө чейин коомчулукка маалымат жеткирүүдө жигердүү кызмат өтөп келе жатат.


Журналистика — бул калыстыктын, чындыкты чагылдыруунун жана элге ишенимдүү маалымат жеткирүүнүн маанилүү жолу. Сиздердин талыкпас эмгегиңиздер ар бир жарандын үнүн угуп, коомдо ачыктыкты жана акыйкатты камсыздоого чоң салым кошот. Коомдук пикирди түзүү, ар түрдүү көз караштарды элге жеткирүү менен сиздер жарандык коомдун өнүгүшүнө, мамлекетибиздин демократиялык багытын бекемдөөгө чоң салым кошуп жатасыздар.


Маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана калыстыгы өлкөнүн өнүгүүсүнө, ар бир жарандын ишенимине жана акыйкат коомдун курулушуна өбөлгө түзөт. Мунун бардыгы сиздердин чыдамкайлык менен кесипкөйлүккө берилген эмгегиңиздердин аркасы менен ишке ашууда.


Урматтуу курч калем ээлери, ар дайым калыстыктан тайбай, сотко келген тараптардын кызыкчылыктарын тең салмактап, коомдо адилет пикирди жаратууга көмөктөшөт деген тилектемин. Ар бир сөзүңүздөр окурмандардын, көрүүчүлөрдүн, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапсын.


Жаңылыктар менен коомдук турмуштун көрүнүктүү окуяларын чагылдырууда ар дайым калыс, бейтарап жана кесипкөй бойдон кала бериңиздер. Сиздерге ийгилик, чын ден соолук жана чыгармачылык шыктанууну каалайм!


Маалымат жана басма сөз күнүңүздөр кут болсун!


Видео-блок

Медербек Сатыев встретился с руководителем проекта «Укук булагы» Фредом Хьюстоном
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Судьялар кеңешинин иши менен таанышты
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Сот департаментин күтүүсүздөн барып текшерүүгө ...
М.Сатыев: "Туугандуу бийде ыйман. Тааныш, билиши көп сотторду жоюуда ротация туура кадам"
Жогорку соттун төрагасы М.Сатыев: "Соттор арасындагы коррупцияны жоюу боюнча аёосуз күр...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...